Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу катары тааныштырылган Эрмек Нургазиев кайра кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент кол койгондугун аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматыкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн. Кызматтан кетүүсүнө анын буга чейинки жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери себеп болгон.
Президент Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевдин арты таза эместигинен улам иштен алды
“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”,- деди президент.
Сүрөт интернеттен алынды