Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн.
Балтиканы эске албаганда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен реформаларды жасай алган бирден бир президент Михаил Саакашвили “Азаттык” радиосуна маек берди. Анда ал Кыргызстан үчүн реформалардын рецепттери тууралуу айтып берди.
Украинадагы Реформалар боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы Саакашвили Кыргызстан өнүгүүсү үчүн өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонушу керектигин билдирди. Башкача айтканда, республика Кытай менен Казакстанга жакын экенин колдонуу менен инфраструктуралык жана логистикалык хаб боло алат.
Анын пикиринде, Кыргызстан кардиналдуу реформаларды баштоосу үчүн ачылган “мүмкүнчүлүк терезеси” эң узак дегенде жарым жыл же бир жылга гана созулат. Башкача айтканда, Садыр Жапаров жана анын командасы бул кыска мөөнөттө өлкөдө негизги реформалардын пайдубалын түптөп жетишүүсү керек.
Чындыгында, Саакашвили өзгөчө деле идея айткан жок. Кыргыз бийлиги Садыр Жапаровго берилген элдин ишеними түбөлүктүү эмес экенин жана эгерде бир жылда өлкөдө өзгөрүү болбосо президенттин рейтинги төмөндөп, оппозиция активдешип, чет жактагы саясий өнөктөштөр нааразы болуп башташарын түшүнүп эле турат.
Ал эми Кыргызстандын аймагында хаб түзүү идеясы мурдатан эле айтылып келет. Ал тууралуу жергиликтүү серепчилер, саясатчылар талкуулаганды жакшы көрүшөт. Улукбек Мариповдун Өкмөтү дагы “Реалдуу максаттар, жаңы келечек” деп аталган программасына хаб түзүү тууралуу долбоорду киргизген. Баса, программада эмне деп жазылганын азыр талдабай эле туралы, азырынча программанын бар экени эле кубандырат жана каалоочулар аны окуп алышса болот. Себеби Абылгазиевдин программасын эч ким көргөн эмес.
Мындан сырткары, азыр серепчилер Өкмөт акылдуу жаштарды чогултуу менен жүз күндүк план даярдап жатканын айтышууда.
Ошондуктан баары жаман, Өкмөттүн курамы начар деп сындоодон мурда жаңы бийлик болушунча аракет кылып жатканын эстен чыгарбоо керек.
Бирок элиталардын арасында реформалар боюнча тынчсыздангандар да жок эмес. Себеби 2020-жылдын 12-октябрында элге кайрылуу учурунда Садыр Жапаров өлкөнүн экономикасын башкарууну өзгөртүүчү атайын реформалар комитети түзүлөрүн билдирген болчу. Реформалар комитети тууралуу идеяны аналитиктер жана серепчилер абдан жакшы кабыл алышып, бийлик өлкөнү модернизациялоо концепциясына олуттуу карап, бирдиктүү өзгөрүү стратегиясы үчүн аянтча түзүлөрүн кубануу менен кабыл алышкан. Бирок белгисиз себептерден улам мындай түзүм дагы деле түзүлө элек жана бийликтин планында да жок сыяктуу. Себеби Садыр Жапаров ант бергенден кийин Өкмөт менен өткөргөн биринчи жыйналышында ар бир министр реформалардын тизмесин бериши керектигин айтып, ал реформалар жакынкы жылдары ишке ашуусу керектигин белгиледи. ММКлар президенттин маалымат кызматына таянуу менен ушундай билдирүү таратышты.
Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, өкмөт реформалар менен алек болбойт. Анын башка милдеттери бар, ал ар бир тармак тынымсыз иштөөсүн камсыз кылат. Ал реформалар программасы менен алек болуп отуруп алса, башка тармактар аксап калары бышык. Анын үстүнө система өзүн өзү реформалай албайт.
Ошондуктан келечекте чоң өзгөрүүлөр болушу жана эртеңки күнүбүз жарык болушу үчүн атайын аянтча болушу керек.
Реформаларды жүргүзүү бир багытта болуп, анализге негизделиши абзел, ал маалыматты элге так жана даана жеткирүү менен коштолушу керек. Ошондо бийликтин дарегине айтылган сындар да аз болот.
Баса, реформа менен алек болгон мамлекеттик түзүмдөр ар кандай аталганы менен маани-маңызы бир болушу керек, системалык өзгөрүүлөр ишке ашкан бардык өлкөлөрдө ушундай.
Украинадагы реформалар комитети, Казакстандагы реформалар жогорку совети, Молдовадагы реформалар борбору, Армениядагы реформаларды координациялоо кеңеши ж.б. мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөгү реформалар менен алек болгон уюмдардын кыска тизмеси ушундай.
Кыргызстан кандай багытта кетерине коңшулар гана эмес, бүтүндөй дүйнө көз салып турган убагы. Өлкөдө реформалар канчалык ийгиликтүү ишке ашканынан өлкөнүн эл аралык аренадагы аброю гана эмес, инвестициялык климат жана жаңы бийликтин келечеги да көз каранды.
Белгилей кетсек, “роза революциясынан” кийин Михаил Саакашвили президенттик укуктарын кеңейтип алганын азыр эч ким деле эстебейт. Алар Грузияда 70тен ашуун реформаларды ишке ашыруу үчүн керек болгон.