Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Мурунку сабактарда биз ийгиликтүү башкаруучулар тууралуу, алар жеткиси келген максаттар болгону тууралуу жазганбыз. Эмнеге бийлик колдо болгону маанилүү? Анткени бийликсиз убадаларыңды аткаруу мүмкүн эмес, бийлик бул өзгөрүүлөдү жасоо үчүн абдан зарыл курал.
Бардык эле реформаторлор сөзсүз түрдө президент же премьер-министр болуусу шарт эмес. Айрым учурларда министр болуу деле жетиштүү. Мисалы, ийгиликтүү Кытай реформаларынын жасаган адам Кытай Коммунисттик партиясынын секретары Дэн Сяопин болгон. Ал эми Польшада реформа жасагандардын бири финансы министри, философия илимдеринин доктору, польшалык саясатчы жана экономист Лешек Бальцерович болгон, ал эми Грузиядагы реформатор – финансы министри, белгилүү экономист жана филантроп Каха Бендукидзе болгон. Алардын ийгилигин эч ким менчиктеп алууга аракет кылган эмес. КМШда бардык ийгиликтер президенттерге тиешелүү болуп, ал эми начар иштер премьер-министрлерге тиешелүү болуп кала берген. Себеби менталитет ошондой.
Ийгиликтүү реформаларды башка өлкөлөрдөн жана элдерден, реформаторлордон үйрөнсө болот. Бактыга жараша реформаларды жасоо үчүн кандай саясат жүргүзүү керектиги, өлкөнүн өзгөчөлүктөрү, менталитети, маданияты, тарыхы кандай роль ойнору тууралуу китептер, макалалар көп. Жеңишке эч нерседен коркпогондор, чечимди тез кабыл алгандар жетишет. Азыркы мезгилдин эң көрүнүктүү реформатору деп АКШнын президенти Франклин Делано Рузвельтти атаса болот.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер отурган арабадагы киши бүтүндөй батыш дүйнөсүн сактап калган. Анын президенттиги 1929-1933-жылдары батыш дүйнөсү башынан өткөргөн эң оор жылдарга туш келген. Капитализмге жана либералдык экономикага бардык нерсе каршы чыккандай сезилген – финансы, өндүрүш, жумушчулар, үй кожейкелери, профсоюздар, партиялар жада калса мафия, ошол маалда бардыгы кыйрашы мүмкүн эле. Эч ким куткарууну күткөн эмес. Рузвельт мындай абалда мамлекетке туура жол көрсөтө алды, ал экономиканын өнүгүүсүн жөндөй алды. Экономикада мамлекеттик капиталдын катышы бар сектор пайда болду. Рыноктогу либералдык анархия жоголду. Бул саясат “Жаңы курс” деген атка конду. Жана элди ушул жол туура экенине ынандыра алды, ар бир жума күнү радио аркылуу “Каминдин жанындагы баарлашуу” деген берүү аркылуу ал эл үчүн кандай иштерди жана кантип жасап жатканын айтып берип турду. Рузвельттин аброю барган сайын жогорулап бара жатты жана ага эч кандай каршылаштар коркунуч туудура алышкан жок. Элдин массалык колдоосу ага чечкиндүү жана бат иш алып барууга түрткү болду. “100 күн” ичинде (3 айда) ал антикризистик программа, мыйзам базасын, Өкмөттүн түзүмүн даярдап, бул өтө чоң эффект берди жана өлкө кризистен күчтүү болуп чыга келди. Америка номер биринчи дүйнөлүк державага айланды. Чилидеги аскердик төңкөрүштөн кийин генерал Пиночет экономика тармагында радикалдуу жолду тандаган, “таза” трансулутташтыруу жолу архитекторлор тарабынан “шок саясаты” деп аталган. Азыр Чилиде кедейчилик 5%га кыскарып, Латын Америкада киши башына эсептегенде эң көп кирешеге ээ өлкө болуп саналат. Аугусто Пиночет орто үй-бүлөдө туулган жана жогорку кызматтарда иштөө үчүн армияга кызмат өтөөгө барган. “Чили пролетарийлердин эмес, жеке адамдарды өлкөсү” деп атоодон чарчаган эмес. Анын айланасында Чикагодо Нобель сыйлыгынын лауреаты профессор Фридман жана профессор Арнольд Харбергердин жетекчилиги астында билим алышкан чилилик экономисттердин тобу түзүлгөн. Алар эркин рыноктук экономикага өтүү программасын иштеп чыгышкан. Фридман өзү Чилидеги экспериментке чоң маани берип, өлкөгө бир нече жолу барган. «Чикаголук балдар» саясий көрүнүшүнүн пайда болушунун сыры ушул жерден чыккан. Англияга улуулугун кайтарган Маргарет Тэтчердин эки гана чет элдик досу болгон — Аугусто Пиночет жана АКШнын президенти Рональд Рейган.
Сингапурдук реформатор Ли Куан Ю тууралуу өтө көп китептер жазылган. Анын тажрыйбасын миллиондогон эксперттер жана саясатчылар изилдеп келишет. 30 жылда “үчүнчү” дүйнөдөн “биринчиге” өтүү бул өтө чоң жетишкендик. Ли реформаторлор арасында чемпион. Кытайлык ата-теги бар, бай үй-бүлөдө төрөлгөн, Англияда окуп, Лондондогу экономика мектебинде юрист жана экономист адистиги боюнча эки кызыл диплом алган. Социалист болгон. Жада калса таза суусу жок болгон кедей жана кичинекей өлкөдө “экономикалык гигантты” жасай алды, ал жакта киши башына ИДӨ АКШдан, Япониядан, Германиядан, Франциядан, Англиядан, Италиядан ашып кеткен. Азыр Сингапурду эч ким кичинекей өлкө дебейт. Бул күчтүү өлкө. Реформатор Ли өлкөнү кайра куруу учурунда жада калса майда нерселерге дагы көңүл бурган. Таштанды маселесине көңүл буруп, тамекинин калдыктарын таштагандарга, түкүргөндөргө ж.б. айып пул салган. Инвесторлорго өзгөчө көңүл буруп, жакшы шарттарды түзгөн. Ал жада калса, өлкө үйлөнгөндөрдү дагы көзөмөлдөш керек деген. Мамлекеттик нике агенттиктери үй-бүлө бекем болушу үчүн жана балдар ата-энесиз калбашы үчүн билим деңгээли, маданияты, жашоо деңгээли, мүнөздөрү төп келген адамдарды издешкен. Сингапурду дүйнөдөгү ири деңиз портуна айлануу үчүн Сингапурдун аралдагы өлкө экенине басым жасаган. Деңиз аркылуу жүк ташуулар абдан арзан болгондуктан жагымдуу болгон. Мурда бул жерде Ост-Индиялык компания чакан айыл түзгөн, ал аркылуу Кытайга баңгизатын сатып турган жана ал жактан Кытайлардан чай алышкан. Азыр Сингапур дүйнөдөгү ири соода, илим жана техника борбору.
Түштүк Кореянын президенти Пак Чон Хи “Түштүк Кореядагы экономикалык кереметинин” архитектору болгон. Дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп, мектепте мугалим болуп иштеген, кийин аскердик кызматка барып, Япониянын жана АКШнын аскердик мекемелеринде билим алган, ал жактан экономика жана башкаруу боюнча билим алган. Мыкты офицер болгон. Коммунисттерди жактырган. Акчага кайдыгер болгону, катаалдыгы жана максатка умтула билгендиги үчүн аны “Кореянын самурайы” аташкан. Ал өкмөткө каршы көтөрүлүшкө катышкан жана өлүм жазасына тартылган, бирок кечирилген. Армияда ал логист болуп иштеген, ал коомдогу болуп жаткан адилетсиздикке ачууланган аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бир топ генералдар менен бийликке келген. Эч ким каршы чыккан эмес, себеби Түштүк Корея коррупцияга жана кедейчиликке батып калган эле. 3 ай ичинде коррупциялык иштерге катыштыгы бар жарандык кызматтан 17 миң жарандык аткаминерлер жана 2 миң аскердик кызматкерлер жумуштан кетирилген. Кореяны реформага чейин башаламандык орун алган, саман чатырлуу өлкө деп аташчу. Түштүк Корея агрардык өлкө болгон жана өндүрүштүн баары өлкөнүн түндүгүндө эле, ал жактарды кызылдар басып алышкан. Азыр Түштүк Корея киши башына ИДӨ 42 миң долларды түзгөн дүйнөдөгү 14-өлкө. Экономисттер жана саясат таануучулар келечекте болжол менен 2050-жылга чейин Корея экономикасы дүйнөнүн алдыңкы беш лидеринин катарына кириши мүмкүн деп божомолдошот. Генерал Пак Чон Хинин жеке сапаттары, тактап айтканда, анын самурайдык тарбиялоосу, чечкиндүүлүгү, сарамжалдуулугу жана прагматикалык акыл-эси, кайраттуулугу, ресурстарды туура бөлүштүрө билгендиги жана жогорку патриоттуулугу өлкөнү реформалоодо чоң роль ойноду.
Түркиянын лидерлери Кемал Ататүрк, Тургут Озал, Тайип Эрдоган, Малайзиянын лидери Махатхир Махаммад, Грузиянын лидери Михаил Саакашвили өздөрүн улуу жана ийгиликтүү реформаторлор катары көрсөтө алышты… Алар кызматта отурганда чечимдерди тез кабыл ала билишкен. Алгачкы “100 күндө” реформаларды жүргүзүүгө шарттар даярдалган: зарыл болгон антикризистик мыйзамдардын бардык пакети даярдалып, парламенттен өткөрүлдү, аткаруу бийлигинин антикризистик структурасы түзүлдү, керектүү жогорку кесипкөй кадрлар табылды, эл менен байланыш түзүлдү жана калк тарабынан колдоо көрсөтүлдү, чет өлкөлүк, интеллектуалдык, уюштуруучулук жана башка ресурстар мобилизацияланды. Натыйжада саясий реформалар жүрүп, эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынды. Салык жана бажы тармагында бардык кылмыштуу схемалар жоюлду, кедейлер үчүн салыктар төмөндөтүлдү, коррупцияга каршы мыйзамдар катаалдады, кызматтагы жана салыкка байланышкан кылмыштар боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү. Калкка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жигердүү жардам көрсөтүлүп, бюрократияга каршы саясаты жүргүзүлүп, байлардын кызыкчылыгы коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына баш ийдирилген…
Биздин реформаторлор бул тажрыйбаны изилдеп, кыргыздын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кабыл алышы керек. Коюлган максаттарга жетүү үчүн саясий эрк жана чечкиндүүлүк зарыл. Ошондой эле өлкө климаты, географиясы, геосаясаты, бийик тоолуу аймактары, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экени, менталитети, маданияты, тарыхы, реакциячыл чөйрөлөрдүн каршылыгы, чет элдик оюнчулардын кийлигишүүсү ж.б. эске алынышы керек.