Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Окуялар тизмеги 27 Янв 2021 11:32
0 ой-пикир

Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды улантышууда, деп билдирет Чүй ОИИБдин Басма сөз кызматы.
2021-жылдын 26-январь күнү Панфилов РИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Аманов Дениз милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чалдовар айылынын жашоочулары менен жолугушту. Аталган иш-чарага 50дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Мындай жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин баары кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүүдө.
Ошол эле иш-чарада Чалдовар айылындагы орто мектептерде жолугушуулар болуп, милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана социалдык кызматкерлер окуучуларга кылмыштуулукту, зордук-зомбулуктарды жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча лекцияларды окушту.
Панфилов районунун айылдарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы жолугушууга чыгышууда. Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, алардын чечүү жолдорун жергиликтүү тургундарга жеткирүү иш-чараларына райондун акими Аманкулов Эмир да катышып келет.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 7-январь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган автоунаалар берилген. Алар 8-январдан тарта өз милдеттерин аткарууга киришкен. Милициянын көчмө кабылдамасы Панфилов районунун аймактарына 10 жолу чыгышып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алуу иштерин жүзөгө ашырышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.