Бишкек шаары абасы кир шаарлардын биринчи катарында: кайсы район канчалык кир экени маалым болду

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 09:59
0 ой-пикир

Абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 25-январга караган түнү саат 3кө карата баш калаада абанын сапатынын индексин (AQI) 279 деп көрсөттү.

Аталган уюмдун эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, Бишкектин борбордук бөлүгүндө индекс 199га түштү.

Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты. Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Колката, Мумбай, Кытайдын Шэнян, Бээжин, Пакистандын Лахор, Непалдын Катманду, Бангладештин Дакка, Вьетнамдын Ханой шаарлары турат. Бул калааларда индекс 173төн 197ге чейинки санды көрсөтүүдө.

Азыркы тапта Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушунда абанын индекси 450 деп белгиленип, кооптуу чектен ашты. Красный строитель көчөсүндө 428, Новопавловкада 410, Аламүдүндө 399, Энесай 388, Новопокровка 344, Пишпек 315, Жумушчулар шаарчасы 292, Ала-Тоо 291, Арча-Бешикте 289 болду.

Негизи индекс 50дөн ылдый болгондо гана ден соолукка коопсуз деп эсептелинет.

Жалпы Бишкек шаары боюнча 240 мин тонна кир заттар абага ар кандай заттар аркылуу чыгарылат, алардын ичинен транспорттон эле 180 мин тонна абага ыргытыларын токой чарбасынан билдиришкен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.