«Аалам сулуусу» конкурсуна Кыргызстандын намысынын Лазат Нуркожоева коргойт

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 15:28
0 ой-пикир

«Аалам сулуусу» сынагында Кыргызстандын намысынын президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева коргойт. Бул тууралуу ал өзү инстаграмдагы баракчасына жазды. Анын айтымында, биринчи вице-мисс Алтынай Ботоярова «Дүйнө сулуусу» сынагына өлкөнүн атынан катышат.

«Табиятынын сулуулугу жомокко айланган, дүйнө жүзү суктанган кыргыз элинин эрке кызымын.
Мекеним менин Кыргызстан — асман тиреген тоолорго, дүйнөдө теңдеши жок табиятка, шаркырап аккан сууларга , бийик мөңгүлөргө, тунук жана кооз көлдөрго бай өлкө.
“Адам өтсө, сөзү калат артында, жакшы атагы жашай берет калкында” демекчи, мен дагы кыргыз элимдин керегине жарап, туубузду бийик көтөрүп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин желегин желбиретүү менин максатым», — деп жазды Лазат Нуркожоева.

Сүрөт интернеттен алынды


nurkozhoeva_Supara, Bishkek, KyrgyzstanТабиятынын сулуулугу жомокко айланган, дүйнө жүзү суктанган Кыргыз элинин эрке кызымын.
Мекеним менин Кыргызстан — асман тиреген тоолорго , дүйнөдө теңдеши жок табиятка, шаркырап аккан сууларга , бийик мөңгүлөргө, тунук жана кооз көлдөрго бай өлкө.
“Адам өтсө, сөзү калат артында, Жакшы атагы жашай берет калкында” демекчи,Мен дагы Кыргыз элимдин керегине жарап, туубузду бийик көтөрүп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин желегин желбиретүү менин максатым» деп жазды Нуркожоева.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.