Кыргызстанда 10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда болот.
Инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Учурда инаугурацияга даярдыктар башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров шайлоого келген элдин 79,20% добушун алды.