Бүгүн, 20-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 162 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 46, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 72, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 24, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 430 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 124 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 373кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 62, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 28, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 4, Нарын облусунан – 6.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1392ге жетти.
Сүрөт интернеттен алынды