Алмаз Баратов атайын Elgezit.kg үчүн
Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо күтүлгөндөй эле Садыр Жапаровдун жеңиши менен аяктады. Азыр Ак үй алтынчы президенттин инаугурациясына даярданып жатат, ал эми жеңген адамдын айланасындагылардын кубанычында чек жок. Бирок, кыргыз президенттеринин тагдырына суктанып болбойт…
Мурдагы президенттерге караганда Садыр Жапаровго өтө оор мурас калды. Мамлекеттин абалы жакшы эмес. Экономика төмөндөгөндөн төмөндөп бара жатат. Казынада каражат жок. Тышкы карыз өсүп жатат жана Кыргыз Республикасына негизги насыяларды берген Пекин болсо карыздын пайызын төлөө мөөнөтүн жылдырууга макул болбой келет. Мамлекеттик институттар жөндөмсүз болуп, ал эми коррупция болсо системага терең сиңип кеткен, аны улам бир кишини “отургузуу” менен жеңүү өтө оор болот. Коронавирус болсо жок болуп кеткен жок. Көз карандысыздык алган 30 жылдан бери жаңы элитаны түптөө механизми түзүлгөн жок. Башкаруучу кадрлар, өзгөчө акыркы он жылдагы башкаруучу кызматта иштеген кадрлар да алсыз болууда.
Бирок буга карабастан Садыр Жапаровдо элдин ишеними бар, эл аны реформа жасайт деп күтүүдө. Бирок элдин ишениминен сырткары кыргыз президенти келечекти көрүп, өлкөнү кайсы жол менен алып кетишти түшүнүп жатабы азырынча белгисиз. Себеби бир эле конституция менен элдин курсагы тоюп калбайт эмеспи. Бул Садыр Жапаровду колдобогон интеллигенциянын, жарандык коомдун жана саясий элитанын негизги нааразычылыгы болсо керек. Кыргызды жаңы лидери республиканын келечеги кандай болору тууралуу программасын жалпы коомчулукка сунуштай элек. Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы программасы же платформасы өлкөнү кайра куруу тууралуу пландарды эмес, чакырыктарды гана камтыды. Баса, анда бир дагы жолу “реформа” деген сөз колдонулган жок. Балким, бул сөздүн өзү көпчүлүктүн оозунда болгондуктан атайын айтылган эместир. Бирок “жаңылануу”, “оптимизация”, “өнүгүү” жана “кайра жаралуу” деген сөздөр болду. Бирок алардын артында эмне турар, аларды ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер көрүлөрү тууралуу платформада конкреттүү эч нерсе жок.
Бирок, Жапаров жана анын саясий стратегдери жана кеңешчилери программа менен убара болбойбуз деп чечкендиги, постсоветтик мейкиндикте көпчүлүк шайлоочулардын талапкерлердин жана партиялардын шайлоо программаларына көңүл бурбагандыгынан улам келип чыкса керек. Шайлоочулар бюллетенге белги коюп жатканда ишенем же ишенбейм деп эмоцияга ишенип добуш беришет. Садыр Жапаровдо эч кандай программа жок болсо деле шайлоонун жыйынтыгы ушундай болмок. Жапаровго добуш берген кыргызстандыктар Жапаров берген убадаларга эмес, анын өзүнө ишенип жатышат. Бул дагы Садыр Жапаровдун президенттик тагдырын татаалдаштырат. Шайлоочулары үчүн ал сыйкырчы, куткаруучу сыяктуу болуп калды. Садыр келип, баарын оңдойт дешүүдө. Садыр Жапаров расмий инаугурациядан кийин, жок дегенде, анын жүргүзгөн реформаларынын контуру, өлкө кандай жол менен кетиши мүмкүн экенин айтса керек. Балким, элге кайрылуу форматында. Бул логикага туура келмек жана президенттин ыйгарым укуктарын эмнеге күчөткүсү келип жаткандыгын да түшүндүрүүгө мүмкүнчүлү түзүлөт. Болбосо Садыр Жапаров өлкөдөн куулуп чыккан эки президенттин же түрмөдө отурган кыргыз президентинин тагдырын кайталабаса дагы Пашиняндын же Зеленскийдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн. Экөө тең бийликке элдин сүйүүсү жана жогорку рейтинг менен келишкен эле. 2018-жылы армян премьеринин рейтинги 70%дан жогору болгон, ал эми 2019-жылы Владимир Зеленский 73,22% пайыз менен президенттик шайлоодон утуп чыккан. Бүгүн Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат, ал эми Зеленскийдин рейтинги 25% түшүп калды дешүүдө.
Эмнеси болсо да бара көрөбүз…
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.