Ош облусунда «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Окуялар тизмеги 19 Янв 2021 14:41
0 ой-пикир

Ош облусунун аймагында калк арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды аныктап, аларды алуу максатында 2021-жылдын 13-январынан 17-январына чейин “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү, — деп маалымдайт Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.
Атайын иш-чаранын жүрүшүндө 943 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 44 газ-травматикалык куралы бар жарандар жана 3 белекке берилген курал ээлери, ошондой эле каттоодо жана пайдалануусунда сайлуу, сайсыз жана газтравматикалык ок атуучу куралдары бар 16 мекеме-ишканалар текшерилип, текшерүү боюнча актылар түзүлдү.
«Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда жалпы 1809 автоунаа, 2232 үй ээлери, 12 соода-сатык базарлар, 3 мейманкана жана 5 көңүл ачуучу жайлар текшерилди
Текшерүүнүн натыйжасында, ИИОнун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган 8 даана сайсыз ок атуучу курал жана 37 даана ок дары алынып Ош ОИИБдин КЖБРге катталып, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.
Ок атуучу куралды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 даана сайсыз курал маселе чечилгенге чейин ИИОго убактылуу алынды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 3 жаран өз ыктыяры менен 3 даана сайсыз ок атуучу куралын ИИОго өткөрүп берди.
Куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 25 жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84-85-86- беренелери боюнча протоколдор түзүлүп жана аларга карата 27000 сом айып пул салынды.
Ош ОИИБи эскертет!
Ош облусунун аймагында сактоосунда жана пайдалануусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды Ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.