Кыргызстан Россияга бут кийим продукциясын экспорттоочуларга маркалоонун коддорун берүүнү баштады

Окуялар тизмеги 19 Янв 2021 09:46
0 ой-пикир

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы улуттук маркалоо системасынын оператору болуп эсептелген жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук операторлору менен өз ара кызматташууну камсыздаган «Альфа Телеком» ЖАКы менен биргеликте 2021-жылдын январь айынан тартып Россияга бут кийим продукциясын экспорттоочуларга маркалоонун коддорун берүүнү баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө малекеттердин ичинен алгачкылардан болуп ата мекендик бут кийим продукциясын экспорттоочуларга маркалоонун коддорун берүүнү камсыз кыла баштады. Бул максатта Салык кызматы даярдоо иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖЧКсы менен биргеликте алдын ала маркалоо тутумдарын техникалык интеграциялоо боюнча иш-чаралар комплексин, ошондой эле ата мекендик бизнес коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Берилүүчү коддор россиялык маркалоо системасы тарабынан түзүлүп, товарларды маркалоонун улуттук системасынын ата мекендик оператору аркылуу кыргыз экспорттоочуларына берилет.

Белгилей кетсек, бут кийим продукцияларын идентификациялоо каражаттары аркылуу маркалоо Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимине ылайык 2019-жылдын 8-августуна киргизилди, анын негизинде Россия Федерациясы 2020-жылдын 1-июлунан тартып бут кийимди милдеттүү маркалоону киргизди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.