Таажы вирусунан 3 бейтап каза болду, 69 адамдан табылды

Окуялар тизмеги 18 Янв 2021 14:48
0 ой-пикир

18-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 69 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 28, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 19 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 178 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 110 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 104кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 55, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 31, Ош облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 9.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1387ге жетти.

Эскерте кетсек, 18-январдан тартып мектептер салттуу окууну жандандырды. Коронавируска байланыштуу айрым ата-энелер балдарын мектепке алып баруудан баш тартса да болот.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.