ПЦР-тесттердин жасалма түрүн даярдаган уюшкан топ кармалды, — Финпол

Окуялар тизмеги 16 Янв 2021 13:06
0 ой-пикир

Чүй облусунда лабораториялык изилдөөлөрдүн (ПЦР-тесттер) оору жок деп көрөткөн жасалма бланкаларын даярдаган жана мыйзамсыз ишке ашырып келген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 14-январында лабораториялык иликтөөлөрдүн бланкаларын текшерүү боюнча сатып алуу жүргүзүлгөн. Бул боюнча эки кыргызстандык кармалып, үйлөрү тинтүүгө алынган учурда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жарандарынын аттары жазылган башка бланкалар дагы табылган.

«Кылмыштуу топтогу абийирсиз адамдар, лабораториялык иликтөөдөгү терс жыйынтык көрсөткөн бланкаларды (сертификаттарды) жеткирүү менен алектенишкен. Муну менен катар эч кандай медициналык текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул сертификаттарды даярдоо 2 саатка чейинки убакытты талап кылган жана баасы 3 миң сомду түзгөн», — деп белгилешти финансы полициясынан.

Азыркы учурда бул кылмыш ишке катыштыгы бар башка адамдардыжана медициналык мекемелерди  аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.