Гашишти алып бараткан 32 жаштагы жаран жана анын досу кармалды

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 17:08
0 ой-пикир

Лейлек районунунда маңзат алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 12-январда Ош-Исфана унаа жолунда Бишкек шаарына каттаган “Мерседес-Бенц Спринтерде” жүргүнчү катары бараткан Ош облусунун 32 жаштагы Н.А. аттуу тургунунан өзгөчө жыты бар, 1,5 кг  күрөң түстөгү зат табылган.

Экспертизанын корутундусунда аталган зат гашиш экени аныкталган.

Тергөө учурунда кармалган адам аны Бишкекте шериги күтүп жатканын айткан. Анын көрсөтмөсүнөн кийин Бишкек шаарынан 39 жаштагы И.Ш. аттуу Ош облусунун тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгондугу аныкталган. 

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.