Финпол мөөнөтү тууралуу маалыматтарды өзгөртүүчү жабдуулар, таттуу азыктарды сактаган жайды жапты

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 10:16
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) 12-январда эскирген кант, печенье жана башка таттуулар сакталган кампаны таап, жапты. Мекеменин басма сөз кызматы 15-январда маалымдагандай, кампада 2017-2018-жылдары эле мөөнөтү аяктаган таттуу азыктар сакталып турган. Мындан тышкары кампадан таңгакталган азыктардын жасалган мөөнөтү тууралуу маалыматтарды өзгөртүүчү жабдуулар, таттуу азыктардын жасалган күнү жазылбаган актай таңгакчалары да табылган.
Кампага мөөр басылып, жабылды.

Финпол бир ай мурун жаңы жылдык майрамдарга карата эскирген таттуу азыктарды таңгактап, сатуу фактысын да аныктап, кылмыш ишин козгогон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.