«Ералаш» журналынын жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан көз жумду

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 15:26
0 ой-пикир

«Ералаш» балдар комикс журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан  көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новостиге” билдирет.

Декабрдын аягында Грачевский COVID-19 оорусу менен Москвадагы No52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. Кийинчерээк анын абалы турукташып калганы кабарланган. Кечээ, 14-январда анын досу актер Владимир Долинский Грачевскийдин абалы кескин начарлап “комага” түшүп калганын айткан.

Борис Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте «Ералаш» балдар комикс киножурналын уюштуруп, кинохрониканын директору жана көркөм жетекчиси болуп калган.

Грачевский — орус кинематографиялык искусство академиясынын мүчөсү, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. 2009-жылы Ардак ордени, 2010-жылы Россия өкмөтүнүн маданий сыйлыгы менен сыйланган. «Золотой овен» жана эки жолку «Золотой Остап» сыйлыктарынын ээси.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.