«Ералаш» балдар комикс журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новостиге” билдирет.
Декабрдын аягында Грачевский COVID-19 оорусу менен Москвадагы No52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. Кийинчерээк анын абалы турукташып калганы кабарланган. Кечээ, 14-январда анын досу актер Владимир Долинский Грачевскийдин абалы кескин начарлап “комага” түшүп калганын айткан.
Борис Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте «Ералаш» балдар комикс киножурналын уюштуруп, кинохрониканын директору жана көркөм жетекчиси болуп калган.
Грачевский — орус кинематографиялык искусство академиясынын мүчөсү, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. 2009-жылы Ардак ордени, 2010-жылы Россия өкмөтүнүн маданий сыйлыгы менен сыйланган. «Золотой овен» жана эки жолку «Золотой Остап» сыйлыктарынын ээси.
Сүрөт интернеттен алынды