Чакан дүкөндө кезек күтүп калдык. Эльдар аттуу сатуучу бир стакан арактын акчасын калтыраган колу менен бир аял санап бүткүчө күтүп турду. Кезекте тургандар таң калышкан деле жок. Карыя улутунуп гана койду, ал эми банктын кароолчусу, жаш жигит болсо темтеңдеп баскан Мээримден алыстаганча шашты. Анын артынан саңырсыган жыт калды, дагы жылуулук түтүктөрүндө түнөсө керек…
Бул айланада жашагандардын баары Мээримди таанышчу. Эч кимге зыяны жок жана ары-бери өткөндөрдөн акча сурап жабыша бербейт. Балким ошондуктан ага кээде тыйын карматып, айрым учурларда сэндвич же жегенге дагы бир нерсе сатып беришчү.
Ал канча жашта экенин айтуу кыйын. Анын жүзүнөн көп кордук көргөнү билинип турат. Ал түштүктөн экени белгилүү. Балдар үйүндө тарбияланган. Күйөөгө эрте тийген. Борборго келишкен. Балалуу болушту. Өздөрүнүн үйү жок болчу. Күйөөсү ижарага унаа алып, такси кызматына иштеп баштаган. Бир нече жыл баары жакшы эле болчу, бирок бир күнү Мээримдин күйөөсү ажырашарын айтып, башкага кете берди. Бишкекте ижарага алган үйдүн акчасын төлөө Мээрим үчүн кыйын болду, күйөөсү болсо балдарды жаңы алган аялына алып кетип калды. Мээрим туулуп өскөн айылына барган жок, уялды.
Азирет менен ал бөтөлкө кабыл алган жайдан таанышты, ал жакка өткөргөн бөтөлкөсүнүн акчасына арак сатып алууга болот эле. Кийинчерээк зекти сүйүп калганын түшүндү. Акылынан адашып сүйдү, абдан жакшы көрдү. Ал абдан катаал адам эле, чогу ичишчү, кийин аны сабачу. Мээрим жашоосунда эч нерсени өзгөрткүсү келбеди, өзгөртө алмак да эмес. Дайыма көгала болуп жүрчү жана “сүйүктүүсүнөн” жашынып жүрчү. Ага милицияга кайрыл дегендер көп болду. Ал башында макул болчу, бирок кайра сүйүүсү жана коркуу сезими ага жол берчү эмес. Бир жолу Азирет катуу ооруп калып, каза болду. Эгерде ал оорубаса Мээримди өлтүрүп коюудан деле кайра тартмак эмес.
Статистикага ылайык, ар бир үчүнчү өлүм үй-бүлөлүк чырдан улам болот, ал эми зордук-зомбулук мамилеси ар бир төртүнчү үй-бүлөдө болот. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдардын 70-90%ы жардам сурап кайрылышпайт.
Зомбулукка дени сак адамдар деле барышат, бирок көпчүлүгү оорулуу болот. Үй-бүлөлүк зомбулукка күнөөлүү болгон 10 эркектин 8инин психикасы жабыркаган. Алар өздөрүнүн импульстарын көзөмолдөй албаган, дайыма кыжырданып турган адамдар. Алкоголго берилгендер болсо мас учурунда өздөрүн такыр эле көзөмөлдөй албай, жакындарына гана эмес, башкаларга дагы зыян келтирип коюушу мүмкүн. Баңги затын колдонгондор деле ушундай.
Статистикага ылайык, күйөөсүнүн жана чогу жашап жүргөн эркектердин колунан каза болгон аялдардын көбү ур-токмоктон улам көз жумушат. Жабыркагандар зомбулук тууралуу расмий органдарга кайрылышчу эмес. Анын себеби коркуу гана эмес, каражаттын жоктугу да болчу.
Эгерде сиз же сиздин тааныштарыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышса, анда төмөнкүдөй коопсуздук планын ишке ашырыңыз:
1. Эгерде сиздин үйүңүздөн ызы-чуу, кыйкырыктар чыга турган болсо милициянын чакырууну коңшулардан сураныңыз.
2. Үйдүн, унаанын ачкычын белгилүү бир жерге коюңуз, эгерде коркунуч болсо үйдөн дароо чыгып кетүүгө мүмкүн болсун.
3. Керектүү суммадагы каражатты, телефон жазылган китепчени, паспортуңузду, балдардын документтерин жана башка маанилүү кагаздарды, дары-дармектерди жеткиликтүү болгон жерге катып коюуңуз.
4. Досторуңуз, туугандарыңыз менен сүйлөшүп коюңуз, эгерде коркунуч туулса алардыкында убактылуу жашап турууга мүмкүн болсун.
5. Сизге зомбулук көрсөткөн адам сизди таап албашы үчүн дарек, телефон номер жазылган кагаздарды, китепчелерди жок кылыңыз.
6. Сизге жардам бере ала турган жергиликтүү кызматтардын (Кризистик борборлордун, ишеним телефондордун, милициянын) телефондорун билип алыңыз.
7. Баалуу буюмдардын кайсынысын алып кетериңизди чечип алыңыз. Эгерде зарыл болуп калса аларды сатып алууга же залогго таштоого мүмкүн болот.
Тилекке каршы бизде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабырануучуларды коргоого кызыкдар болгондор аз.
Кыргызстанда аялдарды коргогон Мыйзамдар иштебейт, мекемелерде харассмент деген эмне экени тууралуу корпоративдик кодекстер жазылган эмес. Мындан сырткары, коомчулукта “өзү күнөөлүү” деген түшүнүк жашайт.
Изилдөөлөр зомбулукка кабылган аялдардын көбү тиешелүү уюмдарга кайрылбаганы белгилүү болду, ошондуктан расмий мекемелердеги зомбулук тууралуу маалыматтар абалды толугу менен чагылдырбайт. Себеби зомбулук көбүнчө үйдө болот дана “жеке иш” деп саналып, коомчулукка көп чыкпай калат.
Кыргызстанда эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды кепилдеген мыйзам бар, бирок бул жетишсиз, анын үстүнө бул мыйзам тууралуу билгендер аз…
Бул материал жазылып жатканда автор Х.Ясендин аялдарга карата зомбулуктун себеби тууралуу монографиясын окуп жаткан: “Эл зомбулук алкоголго же жумушсуздукка байланыштуу деп ойлошот. Бирок бул бир үй-бүлөдө зомбулукка алып келсе, башкасында андай эмес. Айрым маданий жана социалдык факторлор жагы зомбулукка жол ачат, мисалы эркек каардуу болуш керек; эркек аялын тарбиялап турушу керек дегендей”.
Азирет Мээримжи эмне үчүн сабаганы белгисиз, бирок анын жашоосу жакшы болгон жок. Балдарын көрө албады. Себеби жаңы үй-бүлөгө көнбөгөн балдарды мурдагы күйөөсү айылга апасына алып барып таштаган.
Мээримдин документтери жок болчу. Ал өзүн колу-бутум байланган деп саначу. Азирет ага дайыма ал эч ким эмес экенин, аны менен эч кимдин иши жоктугун айтчу. Ал ишенип, өзүнүн адам экенин унутуп койгондой эле. Келечекти көрө албаганда ичкиликке берилүү башталат.
Мээрим вокзалдарда, базарларда жашап жүрдү. Үйү жок болгон соң эртеңкисин деле ойлончу эмес, эртең жумуш, эрте жатып, эс алуу керек деген жок болчу. Азирет менен болгон жашоосунан ур-токмок, талаш-тартыш жана уурулук гана эсинде калды.
Х.Янсендин пикиринде, аялдарга карата зомбулук жан дүйнөгө да байланышкан, коркуу, тынчсыздануу, чарчоо, депрессия. Уйкуга жана тамактанууга байланышкан көйгөйлөр дагы ушундай реакция жаратат. Ошондой эле физикалык зомбулук менен психикалык көйгөй, өз өмүрүнө кол салуу, алкоголдон көз карандылык дагы байланыштуу.
Зомбулуктун айынан Мээримдин жашоосу талкаланды. Сүйүүсүз өсүп, балдарына дагы сүйүү бере албаган аялдын тагдыры…
Автору: Аскар Атабаев
Иллюстрация: Магеррам Зейналов