Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Алтуха» каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганын 13-январда билдирди. Атайын кызмат кармоо операциясы тууралуу видео жарыялады.
Мекеменин маалыматында кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында кармалганы, анын кылмыш дүйнөсүндө негизги орду бар экени айтылат.
УКМКнын билдирүүсүндө, Ибраимовго карата Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде териштирүү жүрүп жатат. Ал азыр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланды.
Бир күн мурда Алтынбек Ибраимовдун Ички иштер министрлигине сурак бергени тууралуу видео жана маалымат таратылган.