Курсан Асановдун жубайы суракка келгенде өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 11:13
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова суракка келгенде өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 11-январда суракка келип ошол жерде өзүн жаман сезген. УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери анын абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан.

Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер стационардык дарыланууну сунуш кылышкан. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул маалыматты бышыктап, Үсөнканова инсульт болгонун, азыр реанимацияда экенин билдирди. Анын айтымында, атайын кызматка суракка адвокатсыз барган. УКМК 7-январда Курсан Асановдун жубайын алдамчылык боюнча шек саналып жатканын жана ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын билдирген.

Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан эле. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.