“Кубанычбек Жумалиев эч ким аркылуу Сыймык Жапыкеевге $1 млн сунуштаган эмес

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 16:17
0 ой-пикир

“Кубанычбек Жумалиев эч ким аркылуу Сыймык Жапыкеевге $1 млн сунуштаган эмес. Жапыкеев мындай маалыматтарды кайдан алып жатканын билбейм”, – деп билдирди бүгүн, 14-январда депутаттын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевдин эл өкүлү боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарып.

“Өзү юрист болсо, Финполдун төрагасы 1 миллион доллар сунуштаган кишини кармабайбы? Ошондой эле, Жапыкеев “Жумалиев камалат” деп айтты. Бул да мыйзамга туура келбеген сөздөр. Биринчиден, Сыймык Жапыкеев тергөөчү эмес да, тергөө кызматы анын кол алдында иштеп жаткан жок. Жазык-процесуалдык кодекске, ылайык тергөө өзү чечим кабыл алат. Бир гана прокурор көзөмөл жүргүзө алат. Бул сөздөрү менен ыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин кылмыш ишине кийлигишип жатат”, – деди адвокат.

Белгилей кетсек, буга чейин Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиев жакында камала турганын жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.