Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 14-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү балдар үйлөрү жана интернаттар реформаланып, жоюлууда.
«Баланы кийинтип-ичинтип коюудан тышкары ата-энелик мээрим керек. Интернатта тарбиячылар ар бир балага көңүл бурууга үлгүрүшпөйт. Ошондуктан биз балдар үйлөрүн жана интернаттарды реформалап, андагы балдарды фостердик үй-бүлөлөргө берүүнү баштадык», — деди Солтонбекова.
Министр ата-энелерди фостердик үй-бүлө түзүүгө чакырды. Бүгүнкү күнү өлкөдө 44 фостердик үй-бүлө бар. Анда 72 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери фостердик үй-бүлөлөрдө 200дөн ашуун кароосуз калган бала тарбияланган.
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өткөрүлөт.
Сүрөт интернеттен алынды