COVID-19: 136 кишиден табылып, 3 адам каза болду

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 10:56
0 ой-пикир

13-январга карата Кыргызстанда 136 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 723 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 563ү сакайды. Соңку бир күндө 205 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1378 адамга жетти.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.