Самара Каримова кайра директорлукка барат

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 17:07
0 ой-пикир

Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотто утуп алды. Эскерте кетсек, ал Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматында иштеген. Бул тууралуу министр Нуржигит Кадырбеков билдирди.

-Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. «Кызматы кайра калыбына келтирилсин» деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек, — деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.