Садыр Жапаров: Түрмөдө суткасына 24 саат бошсуң

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 15:51
0 ой-пикир

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. 4 ай мурда эле түрмөдө отурган Садыр Жапаров озуп келе жатат. “Ъ” корреспонденти Владимир Соловьевго жана Кабай Карабековго берген маегинде ал түрмөдө жатып төңкөрүштү кантип кылганын, эмнеге өлкөнү президенттик республикага айлантканын жана Россия-Кытай-АКШ үч бурчтугунан кимге таянары тууралуу айтып берген.

Чар-жайыт, башаламандык. Россиядагы көпчүлүк, анын ичинде президент Владимир Путин дагы 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин сиздин өлкөдөгү абалды ушундай сүрөттөдү. Сиз мындай баа менен макулсузбу?

—100% макулмун. Бүгүнкү күнгө чейин Владимир Владимирович айткандай болду. Эмнеден улам мындай болду? Себеби жогору жактагы биздин аткаминерлер башаламандык менен алек болушту. Бүгүнкү күндөн тарта мындай болбойт. Коррупцияны, бюрократияны жок кылабыз. Бизде буга эрк жетет. Мындан ары баары жакшы болот.

4 ай мурун эле сиз түрмөдө отурдуңуз эле, азыр болсо президенттик резиденцияда маектешип отурабыз. Баш айланткан карьеранын сырын ачсаңыз.

— Биз бул нерсеге көптө келдик. 4 айда эле эмес, он жылда жеттик. 2010-жылдан тарта иш жүрүп келген.

“Биз” дегенде кимдерди айтып жатасыз?

— Мен, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов. 2012-жылы бизди “Кумтөрдүн” айынан камап салышкан (Ошол маалда Садыр Жапаров тарапташтары менен бирге канадалык Centerra Gold Inc. Компаниясы иштетип жаткан “Кумтөр” алтын кенин улутташтырууну талап кылып чыккан — “Ъ” ). 2017-жылы мени экинчи жолу камашты, биринчиден мени президенттик шайлоого катыша албай калсын дешсе, экинчиден “Кумтөр” маселесин көтөрбөсүн дешкен. Бирок мен түрмөдө жөн эле отура беген жокмун, социалдык тармактар аркылуу эл менен иштеп жаттым.

Түрмөдө уруксат беле?

— Мыйзам боюнча болбойт, бирок биз жолун таптык. 3,5 жыл мен карапайым калк менен түз байланышта болдум.

«Одноклассники», Facebook, Instagram социалдык тармактарында топторду түздүм. Адамдардын телефондорун алып, WhatsApp тиркемесинде 50 топ түздүм, ар бир топко 256 контакт батчу. Ушул группалар аркылуу “Кумтөр” жана менин ишим тууралуу маалымат таратчумун. Ошентип 3,5 жыл ичинде карапайым калкка үнүмдү жеткирдим.

Түрмөдө суткасына 24 саат бошсуң: бош убактың көп. Ушундай жол менен, түрмөдөн төңкөрүш жасадым.

Түрмө сизге эмнени үйрөттү?

— Баарын үйрөттү. Түрмөдөн чыккандан кийин эл мени премьер-министр кылып шайлаганда мени Кудай атайын ошол жакка жибериптир, түрмөдө кимдер отурат, Мыйзамдар кандай иштейт көрсүн дептир деп калдым. Ал жакта отурган жарандардын 90-95%ы жөнөкөй адамдар. Бир дагы аткаминер, алардын балдары же туугандары жок. 5-10%ы жашоосун криминалга арнап койгондор. Ал эми 90%ы карапайым адамдар: телефон, тоок уурдагандар. Журналисттер мени кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар, бандит деп жана мени кылмышкерлер бийликке алып келди деп жазып жатышат. Камчыбек Көлбаев менен байланыштырышты.

Мен түрмөдө отурган 3,5 жыл ичинде жөнөкөй адамдарга жардам бердим, кылмышкерлерге жардам берген эмесмин. Мен камакта кезде мага кайрылган 100дөн ашуун адам түрмөдөн чыкты.

Алар мага иштешип, менин жакшы адам экенимди айтышып, маалымат таратып жатышты. Мен камактан чыкканда митингдерге келип, мени колдоп жатышты. Үчүнчү төңкөрүштүн сыры мына ушунда.

Октябрь айындагы окуялар учурунда сизди эле эмес, канча бир убакытка Алмазбек Атамбаевди дагы түрмөдөн чыгарышты. Бирок кийин кайра темир тор артына камашты. Ал дагы отурабы?

— Мыйзам боюнча отурушу керек. Себеби ал 2019-жылы Кой-Ташта жана былтыр Бишкекте башаламандык уюштурбадыбы. Ал контрреволюция кылганга аракет жасады.

Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө макул кылуу жеңил эле болдубу?

— Оор болду, бирок көндүрдүк.

Кандай аргументтердин жардамы менен?

— Эл аны кетсин деди. Биринчи 5-6 күн ал муну сезген жок, 10 күндөн кийин жумурай журт анын отставкасын талап кылып жатканын билди.

— Ал эмнеге кетиши керек эле, себеби нааразычылыктар парламенттик шайлоого карата болду го.

— Себеби Жээнбеков парламенттик шайлоону көзөмөлдөй алган жок. Ага жакын адамдар парламентке 3 партия келиши керек деп чечишти. Ал өзүнүн инисин парламентке келчү 3 партиянын биринин тизмесине кошту. Эл бул бийликтин колу менен жасалган иш экенин билди. Ошондуктан президенттин отставкасын талап кылышты.

Кыргыз саясатчыларында дайыма ага-инилерине байланышкан көйгөй жаралат. Сизде да ага-ини бар да? Бир жылдан кийин аларды мамлекеттик кызматтардан же ири бизнестердин башынан көрбөйбүзбү?

-Бар. Мен аларды бийликке жолотпойм.

Мен өлкөнү канча убакыт башкарарымды билбейм, бирок сиздерге эркекче сөз берем: бир дагы инимди же агамды бийликтен көрбөйсүңөр.

—Былтыркы окуяларды революция деп эсептейсизби?

-50-50. Революция деп атасак болот, элдик толкундоо десек болот.

— 2005-жылы “жоогазын революциясы” болду эле, 2010-жылы кандуу апрель революциясы болду. Былтыр кандай революция болду?

— Кантип айтарымды деле билбейм. Элдик толкундоолор. Айрымдары “үмүт революциясы” деп атап жатышат.

— Сиз түндүктөнсүз. Кыргызстанда өлкө түндүккө жана түштүккө бөлүнүп турат. Бир түштүктүк, бир түндүктүк бийликке келет. Мындай бөлүнүүнү жок кылса болобу?

— Болот. Мен жок кылам.

—Кантип?

— Негизи бизде эл нааразычылыгын билдирип баштаганда саясатчылар коомчулукта абалды курчутуп, түндүк жана түштүк көйгөйүн көтөрүп башташат. Эгерде түндүктүк болсо түштүктүктү, түштүктөн болсо түндүктүктү күнөөлөп башташат. 5-октябрдан кийин Жээнбековдун тарапташтары ал түштүктөн болгон үчүн аны кууп жиберишти деп башташты. Бирок аны бүтүндөй эл кабыл алган эмес. Мен бул бөлүнүүнү жеңем деп эмнеге айтып жатам? Себеби мен биздин элди түштүктүк, түндүктүк, орус, кыргыз, өзбек деп бөлбөйм.

Мен үчүн кыргызстандыктар бирдей. Муну түндүктүктөр да түштүктүктөр да билишет. Мен саясатта жүргөн 15 жыл ичинде эч кимди бөлгөн эмесмин. Менин түндүккө караганда түштүктүк досторум көп.

— Сиз өлкөнү башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке алмаштырдыңыз. Эмнен өзгөрткүңүз келип жатат?

— Буга чейин бизде парламенттик-президенттик башкаруу формасы болчу. Бирок баары бир президент баарын башкарчу. Башка бирөөлөрдүн колу менен иштерди жасап, бирок жоопкерчилик алчу эмес. Бардык иштерди мисалы, премьер-министрдин колу менен жасачу, ал эми президент болсо таза бойдон кала берчү. Бизде 30 жылда 32 премьер алмашты! Ушунун айынан биз кризистин сазына баттык. Ошондуктан мен президенттик башкарууну сунуштап жатам. Президент көлөкөдөн ачыкка чыгып, жоопкерчилик алсын. Ыйгарым укуктарын так-даана дазыш керек, президент экономикага, ички жана тышкы саясатка да жооптуу болсун.

— Ишти жөндөп кете аласызбы?

— Жөндөйбүз. Эл жардам берет.

— Сиз мурда “Кумтөрдү” улутташтырыш керек дечүсүз. Азырчы?

— Мен 8 жыл мурун улутташтыруу керек дегем. Азырынча кендеги акыркы абал тууралуу маалымат алганга жетишкен жокмун. 2012-жылы бардык коррупциялык иштер, экологиялык мыйзам бузуулар тууралуу билчүмүн. Азыр кызматыма киришсем ал жакка барып, баарын өз көзүм менен көрүп, текшерип, чечим кабыл алам. Азыр кандай кылам айта албайм.

— Сиздин президенттик шайлоо алдындагы билборддордо: келечекке кызмат деген жазуу болду. Кайсы келечекке?

— Мени негизинен жаштар жана карапайым калк колдойт. Алар 70-805ды түзөт. Келечек жаштардын колунда жана аларга кызмат кылууну каалайм.

Менин программамда чет жакка кеткен жаштарды мекенине кайтаруу тууралуу пункт бар. Алар Россияда, Казакстанда, Европада, Америкада, Түркияда, Түштүк Кореяда. Алардын баарын кайтаруу керек.

Бардык мамлекеттердин байлыгы – анын адамдык ресурстары, адамдар. Ал эми бизде болсо 2 млнго жакын адам – негизинен жаштар чет жакта. Алар акыркы 30 жылда кеткендер.

Аларды кайтаруу үчүн сунуш болуш керек да. Кандай сунушуңуз бар?

— Бизде план бар. Мен эртең эле баарын кайтарып келебиз дебейм. 2-3 жыл керек болот. Биринчи жылы биз экономиканы көтөрүшүбүз керек. Экинчи, үчүнчү жылдары анан мекенине кайтаруу ишин баштайбыз. Биз алар үчүн жумуш орундарын түзүүбүз зарыл. Адамдар эмнеге кетип жатышат? Негизинен акча топтоп, үй алыш үчүн. Ошондуктан ипотека менен камсыз кылышыбыз кажет, ансыз болбойт жана жумуш орундарын түзүү абзел.

— Оригиналдуу деле идея эмес экен. Бул тууралуу сизге чейин эле көптөр айтып жүрүшкөн, бирок эч нерсе ишке ашкан жок. Сиз ушул ишти жасайсыз деп эмнеге ишенишибиз керек?

— Мамлекетти башкаруу адамдын өзүнөн көз каранды. Мен өзүмө ишенем. Мен коррупцияга жол бербейм, туугандарым мамлекеттик ишке киришүүсүнө жол бербейм. Ошондуктан жумуш орундарын түзөм деп ишенимдүү айтып жатам. Гидроэлектростанцияларды курабыз, ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу өнөктөштөр менен сүйлөшөбүз. Бизде мурда президенттер убада берип, бирок кийин коррупцияга малынып кетишчү, натыйжада эч нерсе курулчу эмес. Мисалы, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын абдан жарнамалап, үч станция курса болот дешкен. Кийин биздин аткаминерлер акча уурдашып, натыйжада Россияга 37 млн доллар карыз болуп калдык. Ал жакта эч нерсе курушкан жок. Жада калса, башташкан жок. Бул президенттен көз каранды. Эгерде ал өзү коррупцияга аралашпаса жанындагылар дагы ага барбайт.

Сиз коррупционерлерди “кустурам” дедиңиз. Кантип?

— Акыркы айда эле казынага 3 млрд сом (36 млн доллар) кайтарып беришти, алар бюджетке түштү.

Биздин республикада акыркы 30 жылда “жогору жакта” турган болжол менен 250–300 үй-бүлө бар. Алар коррупция менен алек болуп келишет, бюджеттен уурдашат.

Бул алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Ар бири. Алар өздөрү да жана бүтүндөй эл алардын коррупционер экенин билишет. Алар уурдашат, алардын балдары гана мамлекеттик кызматка барышат, ушундай көрүнүш 10 жылдан бери уланып келет. Азыр көпчүлүгү акчаларды кайтарып башташты, аттарын атагым келбей жатат.

— Сиз Райымбек Матраимов тууралуу айтып жатасызбы?

— Жок-жок. Матраимов 2 млрд сом (24 млн долларга жакын) кайтарды.

Ооба, бирок ал тууралуу басма сөз кызматтары аткезичилик жол менен миллиард долларларды тапканын жазышты эле го, болгону 2 млрд сом кайтарыптыр.

— Бул далилдене элек да, биз муну текшеребиз. Мен казынага 200 млн сом төккөн башка аткаминер тууралуу айтып жатам.

— Өз ыктыяры менен каражаттарды кайтарууну кантип жол-жоболоштурдуңар?

— Тергөө менен иштешүү. Бизде дагы бир берене бар “Экономикалык амнистия” деп аталат, ага ылайык акчаларды бюджетке кайтарат.

— Өлкө президенти Курманбек Бакиев болуп турган маалда сиз коррупция менен күрөшчүсүз да, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикти жетектеп тургансыз. Сизди ошол маалда ийгиликке жетишкен эмес деп сындап келишет. Ушул жерден мындай суроо пайда болот экен: Ошондо ишке ашыра албаган, эми кантип ишке ашырат?

— Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик деп аты айтып тургандай алдын алчу, күрөшчү эмес – мониторинг менен гана алек болчу. Эч кандай опер кызматкерлер, тергөөчүлөр болгон эмес. Отурасың, мониторинг кыласың, “коррупция менен алек болбогула” деп кат жөнөтөсүң. Ал жада калса Өкмөттүн курамында эмес болчу. Мен Өкмөттүн мүчөсү эмес элем.

— 2010-жылы бийликтен түшүрүлгөн Курманбек Бакиевди башкы коррупционер, ал эми анын башкаруусун өлкөнүн тарыхындагы кара так катары айтып келишет. Сиз Бакиевдин командасында элеңиз. Бакиевдин башкаруусундагы учурга, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошол маалда өлкөдө болгон окуяларга кандай баа бересиз?

— Бизде, Кыргызстанда аткаминерлер бирөөлөр аркылуу же түз эле кызматка суранып келишет, акча сунушташат, туугандарын ортого салышат. Мен анткен эмесмин. Бакиев мени өзү чакырган. Мен анын буйрутмаларын аткарган эмесмин, өзүмдүн гана ишимди, мыйзамдын чегинде алып барчумун. Эми Бакиев тууралуу айтсам. Биринчи 2 жыл ал жакшы иштеди. Акаев кеткенден кийин биздин бюджет 25 млрд сом болчу. Бакиев 2007-жылы аны үч эсеге көбөйттү. Кийин өлкөнү башкарууну баласына өткөрүп берип койду. Анын агасы Жаныш Бакиев – процесстерди башкара баштады. Ошентип, 2010-жылы экинчи революция болуп, Бакиевди кууп чыгышты. Ошондуктан мен мурдагы бийликтин каталарын кайталабайм деп дайыма айтып келем.

— Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлө мүчолөрүн сыртынан түрмөгө кесишти, көп жыл беришти, бул адилеттүү деп ойлойсузбу?

— Кандай чечим чыкканын билбейт экенмин, кызыккан эмесмин. Бааны тарых берет.

Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди Лондондон, ал эми Бакиевдин өзүн Белоруссиядан алып келип, алар эмнелерди кылганын териштирүүсү керекпи?

-Эгерде алардын күнөөсү далилденсе, ала канча уурадаганы 100%далилденсе эмнеге болбосун?

Уурдагандардын баары сот алдында жооп бериш керек.

Ал жакта коррупция жана мыйзамсыз схемалар тууралуу эле иштер эмес да. 2010-жылдагы апрель революциясынын натыйжасычы. Бул кандуу революция болгон да.

— Президенттик кызматта 10 жыл мурдагы окуяларды териштиресизби?

— Айтуу кыйын. Эгерде эл күнөөлүүлөрдү таап, мыйзамга ылайык жазалоону талап кылса, анда кайрадан иликтеп чыгуу керек. Эгерде эл кечирип, эскини унуталы, баарын ак барактан баштайлы десе, анда алдыга кетебиз.

— Сиздин атаандаштар сиз менен өлкө бийлигине Бакиевдер кайтып келишкенин, артыңыда алар турарын айтышууда.

— Бул карандай калп. Бакиев менен менин байланышым жок экенин эл түшүнүп жатат. 2017-жылы өлкөгө кайтып келгенимде мени камап коюшту, ошондо дагы Бакиевден келди, революция уюштурат экен дешкен. 2010-жылдан бери Бакиевдерден 1 тыйын да албаганыма Кудай күбө. Эл мага ишенди, түрмөдөн алып чыкты.

— Кыргызстандын өзүндө дагы жана чет жакта дагы ири наркотрафик, аларды көзөмөлдөгөн кылмышкерлер жана калкалаган бийлик тууралуу ачык эле айтып жатышат.

— Ооба, мурдагы бийлик наркотрафикти калкалап турган. Мен ишке киришерим менен наркотрафикти жабуу тапшырмасын бергем. Бул биринчи кезекте. Экинчи кезекте коррупцияны жоюу керек. Үчүнчү тапшырма – экономиканы көтөрүү.

Биз наркотрафик менен катуу күрөшөбүз. Бизге каналдарды жабуу үчүн 2-3 жыл керек.

—Катуу деген эмне?

— Бул демек, биз менен соодалашууга мүмкүн эмес, жада калса эч ким сүйлөшпөйт дегендик. Буга чейин бийлик өзү калкалап келген. Укук коргоо органдары баңгизатын ташуу менен алек болушкан. Кимдир бирөө баңгизат менен кармалса, алардан акча алып, кое берип жиберишчү. Мындан ары мындай болбойт. Россия бизге наркотрафик менен күрөшүүгө 150 млн сом бөлдү. Биз баңгизаты менен алек болгондор менен аеосуз күрөшөбүз.

— СССРдин курамында болгон мамлекеттердин аймагы ири державалардын геосаясат боюнча атаандашуучу мейкиндикке айланды. Батыш, Россия, Кытай. Сиз өлкөнү ири оюнчулар өзү дагына тартып жатканын сезип жатасызбы?

— Баары эле өз тарабына тарткысы келет. Бирок биз берилбейбиз.

Биз Россия менен 70 жыл бир мамлекетте болдук. Советтер Союзу кулагандан кийин 30 жылдан бери Россия биздин стратегиялык өнөктөш болуп келет. Ал ошол бойдон кала берет.

Эмнеге? Себеби ал башка өлкөлөргө караганда көп жардам берет. Башка мамлекеттер менен, Америка, Кытай менен эки тараптуу, бирдей шартта кызматташабыз.

Материал «Коммерсантъ» интернет-басылмасынан алынды.

Сүрөт: Александр Миридонов

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.