Ош: Эки милиционер октон жарадар болду

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 12:55
0 ой-пикир

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору С. Б.га кол салынып, бытырадан алган жараатынан райондук ооруканага жеткирилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин билдиргенине карата окуя 13-январга оогон түнү, саат 01:10 чамасында болгон.

«Милициянын кенже лейтенанты С.Б. Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында отурган кезде ага бейтааныш адам кол салган. Шектүү автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16-калибрдеги кош сайлуу куралынан капысынан ок аткан. Натыйжада Б.С.нын эки далысынын ортосуна 7-8 чачма ок тийген», деди Жеңиш Аширбаев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.