Милициянын күчү – Коомчулук менен өз ара тыгыз жана бекем байланышта болуусунда

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 17:19
0 ой-пикир

Пролетар акын Владимир Маяковскийдин: «Менин милициям мени коргойт» деген учкул сөзүн эл жакшы билет, бул укук коргоо органдарынын, биринчи кезекте, биздин милиция кызматынын ураанына айланган. Бирок, айрым адамдар өз кызыкчылыгын көздөп, бул каймана маанидеги сөздөрдү какшык, а түгүл мыскылдоо катары колдонууга аракет кылган учурлар көп кездешет. Мунун себеби, алар милициянын коомдогу маанисин, ордун жана ролун бир тараптуу жана тар түшүнүп, чечмелегендиги үчүн. Бирок: «Ырдан сөзүн чыгара албайсың» дегендей …
Ички иштер органдарынын эң башкы максаты жана милдети коомдук тартипти сактоо, мамлекеттин кызыкчылыгын, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин ар кандай кылмыштуу, деструктивдүү элементтерден, башка кол салуулардан, алардын орду толгус зыян келтириши мүмкүн болгон жагымсыз көрүнүштөрдөн коргоо жана алардын элдин бейпилдигине зыян келтириши мүмкүн болгон жаман көрүнүштөрдөн коргоо экендиги талашсыз. Көрүнүп тургандай, эгемендүү Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары тарабынан азыркы коомдогу актуалдуу көйгөйлөр жана маселелер чечилип келет.
Өлкөнүн башка мамлекеттик органдары сыяктуу эле, Ички иштер министрлиги жарандык коом менен туруктуу жана пландаштырылган негизде тыгыз жана системалуу өз ара аракеттенүүдө, ички иштер органдарынын күнүмдүк, практикалык иштерин өркүндөтүүгө багытталган демилгелерди коомчулук менен чоогу талкууга алынууда. Ошол эле учурда, Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук мааниге ээ болгон зарыл чечимдерди кабыл алууда элден натыйжалуу жардам көрсөтүү дегенди билдирет. Мунун бардыгы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери жөнүндө мыйзамында» так жазылган.
Адамзаттын эсинде эң оор жана кооптуу жыл катары сакталып кала турган 2020-жыл артта калды. Ал дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн алган чыныгы пандемияга айланган коркунучтуу оору менен байланыштуу болду. Күн сайын биз пандемия жөнүндө мезгилдүү басылмалардан, телерадиоберүү каналдарынан, көптөгөн сайттардан жана социалдык тармактардан, ошондой эле эл аралык медициналык мекемелердин: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий отчетторунан маалымат алып турабыз. Эпидемия жөнүндө дүйнө жүзү боюнча маалыматтарды келтирбейбиз, бирок өлкөбүздүн статистикасына кайрылсак, акыркы күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны күнүнө 90дон ашты. Тилекке каршы, пандемия 1374 миң мекендешибиздин өмүрүн алды. 2021-жылга кадам таштоо менен бирге пандемия күнүмдүк жашообузду толугу менен өзгөрттү: ой жүгүртүү, мүнөз, адеп-ахлак, психология жана бири-бирибиз менен болгон мамилебизди. Бирок эң башкысы, бул Кыргызстандын гана эмес, башка мамлекеттердин экономикасына, саясатына, социалдык чөйрөсүнө терс таасирин тийгизди. Алдыга карай толкун келип, коронавирус экономикалык өнүгүүгө эбегейсиз чоң зыян алып келип, ИДПнын кыйрашына, жумушсуздуктун, калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди, бул биздин республикабыз үчүн да мүнөздүү көрүнүш болуп калды. Өлкөнүн тагдыры үчүн ушундай өзгөчө шарттарда биздин мамлекет, өкмөт, коомдук уюмдар, ыктыярдуу жана кайрымдуулук бирикмелери, айрым жарандар, бардыгы бирдей болуп, элибизди пандемиянын басылгыс кол салуусунан сактап калышты. Медициналык кызматтын, ыктыярдуу кыймылдардын кызматкерлери менен алдыңкы катарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери, биринчи кезекте, ички иштер органдарынын жеке курамы тургандыгы талашсыз.
Эгерде Жогорку Кеңештеги шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу акыркы окуяларга кайрылсак: Көтөрүлүшкө алып келген жаштар кыймылынын элдик толкундоолору (өткөн жылдын 5-6-октябры), биздин укук коргоо органдары, тактап айтканда, милиция кызматкерлери биринчи кезекте милдеттерин аткаргандыгын моюнга алышыбыз керек. Коомдук тартипти камсыз кылуу, республиканын борборунда жана региондордо керексиз аша чабууларга жол бербөө.
Пандемиянын биринчи этабында да, карантин жарыяланып, коменданттык саат жарыяланганда дагы, жакында эле Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктары бурмалангандыгына байланыштуу нааразычылык акциялары менен байланышкан элдик толкундоолордун учурунда коменданттык саат чукул киргизилгенде да, ИИМдин позитивдүү иш-аракеттери көрсөтүлдү. Ушундай оор кырдаалда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин иши республиканын жетекчилиги, өкмөт жана жалпы калк тарабынан жогору бааланган. 2021-жылдын 10-январында аяктаган Президенттик шайлоодо жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган Кыргыз Республикасында келечектеги мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо үчүн жалпы элдик добуш берүү учурунда милиция өздөрүнүн милдетине жана антына берилгендигин, өз милдеттерин аткарууда талаптагыдай кесипкөйлүгүн көрсөттү: КМШ, ШКУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар.
Биз дагы элдин ой-пикирин сыйлап, баалоо керекпиз. Биз республиканын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаңы дайындалган президенттин саясий туруктуулуктукту сактоого жана мыйзамдуулукту аткарууга багытталган башталыштарын жана максаттарын колдойт деген ойдобуз. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин негизги максаты жана түздөн-түз тапшырмаларына өлкөнүн укук коргоо органдары менен жарандык коомдун ортосундагы өз ара байланышууну ар убак камсыздоо болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ишмердүүлүгүнө байланышкан пайдалуу башталыштарды, демилгелерди көтөрүп чыгуу жана алдыга жылдыруу, маанилүү мүнөзгө ээ болгон чечимдерди кабыл алууга жардам берүү дагы кирет.
Жогорудагыларды эске алуу менен, ИИМдин Коомдук кеңеши республиканын ички иштер министрлиги менен жарандардын ортосундагы байланыштыруучу ЗВЕНО болуп саналат. Ошондуктан министрликтин ийгиликтери жана жетишкендиктери, практикалык ишмердүүлүгүндө анын камсыздалышы, жетишкендиктерге жетүүгө жардам берүү чектелүү бир чөйрөдө ИИМдин Коомдук кеңешинин дагы салымы бар. Өткөн жыл аралыгында ИИМдин Коомдук кеңеши бир топ иштерди аткарууга жетишти. Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын ИИМнен баштап милициянын бөлүмүнө чейин, ички иштер министринен баштап милициянын аймактык тескөөчүсүнө чейин кызматтык мамилебиз бекемделип, жогорку жыйынтыктарды жеттик.
Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович кызматка дайындалган күндөп баштап өздүк курамга, анын ичинен Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө бир катар жолугушууларды өткөрдү. Мындай ачык диалог ИИОнун ишмердүүлүгүнө байланышкан көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолдорун издөөгө мүмкүндүк берет. Министрдин оюу боюнча ички иштер органдары менен жарандык коомдук ортосундагы мамилелерди жакшыртуу ИИМдин Коомдук кеңешинин жардамы менен ишке ашуу керек. Кеңеш ар кандай багыттагы жарандык коомдор менен бекем байланышка ээ. Отчеттук маалда Кеңеш БУУ, ЕККУ, БУУнун БКБ, SAFERWORLD жана башка абройлуу эл аралык уюмдар менен эки тараптуу кызматташууга олуттуу көңүл бурган.
Андан сырткары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөт, Акыйкатчы, өлкөнүн Коопсуздук кеңеши, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Кыргызстандын Элдеринин достугу ассамблеясы менен ар тараптуу байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Алар ар тараптан колдоолорду көрсөтүшүн, коомчулук менен иштешүүдө, милиция менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жардам беришүүдө.
Ошондой эле, ИИМдин Коомдук кеңешинин жалпыга маалымдоо каражаттары менен бекем кызматташуусун белгилеп кетпесек болбойт. Биздин жыйындарыбызды, аймактарга чыгууларыбызды жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууга аракет кылабыз. Өткөн жылы республиканын башкы каналында –КТРК «Ала-Тоо-24» үч түз эфирде коомдук кеңеш жүргүзүп жаткан иштери тууралуу толук маалымат берилген.
Ушуга эле катар Коомдук кеңештин мүчөлөрү бир нече телеканалдарда маек курушуп, “Акипресс” маалыматтык агенттигинде менин пикирлерим чагылдырылып, андан соң башка сайттарда, социалдык тармактарга дагы жайгаштырылган.
ИИМдин Коомдук кеңешинин иши жөнүндө республиканын бардык ЖМКсына чагылдырылды. Кеңеш мындан ары дагы ЖМК менен кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө камданууда. Алдыда дагы ИИМдин Коомдук кеңеши аткара турган пландары көп. Анын ичинде жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоого багытталган иш-чараларга катышуу.
Жогоруда белгиленгендей, ИИМдин Коомдук кеңеши өз ишин бир жылдык пландарды кабыл алуунун негизинде жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин пландарынын ишке ашышы жөнүндө өз убагында отчет берди. Мисалга алсак 2019-2020-жыл ичиндеги планга ылайык аткарылган иштер боюнча (Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин 2019-жылдын 22-мартындагы отурумунда №2 протоколу менен бекитилген). Аталган план өзүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин так ишмердүүлүгүнө тиешелүү негизги маселелерди камтыйт. Коомдук кеңештин стратегиялык планы бекитилип, ишке ашкан.
Коомдук кеңеш башында бекитилген жылдык планга ылайык республиканын региондоруна көчмө жыйындарга чыгууларына өзгөчө көңүл буруп келет. Акыркы жыйынтыктоочу көчмө жыйын 2020-жылдын 11-декабрында Ош жана Жалал-Абад облусунда болуп өткөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу отчету боюнча айтып кетсем, биздин ишмердүүлүгүбүз өткөн жылы жогорку деңгээлде аткарылып, бийлик түзүмдөрү, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Биз мындан ары дагы милиция менен калктын кеңири катмарында байланышын жакшыртууга багытталган өз ишибизди күчөтөбүз. Бул бийлик органдары менен жарандардын мамилесин жакшыртууга жана ведомтсвонун ачык-айкындуулугун камсыздоого жардам берет. 2021-жылы Коомдук кеңеш кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо жана бетин ачуу боюнча жарандардын укуктук аң-сезимин, калктын активдүү жарандык көз карашын калыптандыруу боюнча өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзөбүз. Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин жагымдуу образын түзүү тууралуу жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө калыс маалымдоо боюнча иштерди аткарууну улантабыз.
Биз коомчулуктун аракети менен Кыргызстанды коопсуз жана бейпил өлкө кыла алабыз.

Ялкун Даутов,
ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.