Курал Чокоевдин наамы жокко чыгарылды

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 14:39
0 ой-пикир

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевге 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды.

Ошондой эле Кайрат Примбердиевди 2017-жылы берилген «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлдү.

Эки ырчыга карата мындай чечим январдын башында «YouTube» порталына жүктөлгөн «В пи#ду звезду» маанайшат программасынан улам кабыл алынды. Курал Чокоев жана башка алып баруучу топ даярдаган шоуда сөгүнгөн жана уят сөздөр колдонулат.

Шоунун бир чыгарылышына ырчылар Кайрат Кыргыз (Салмакеев), дагы бирине Кайрат Примбердиев катышкан.

Министр Кадырбеков 9-январда билдирүү таратып, шоу адеп-ахлакка туура келбей турганын айткан жана ага катышкан эки ырчынын мамлекеттик наамдардан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн. Ошондой эле мамлекеттик телерадиолордон клиптерин, ырларын берүүгө, маданият үйлөрүндө концерт өткөрүшүнө тыюу салынарын белгилеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.