«Кумтөр»: цианид чуусуна байланыштуу сот иштерин «өлкөдөгү эң узак убакытка созулган соттук окуя» деп атоого болот

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 10:47
0 ой-пикир

Аталган компаниянын Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрылуусунун себеби, бир жыл мурунку доогерлердин пайдасына чыккан соттун чечими. Тагыраагы, былтыр 10-августта Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын караган. Райондук сот «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогерге 400 миң сомдон кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Компания бул чечимге нааразычылыгын билдирип, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот биринчи инстанцияны күчүндө калтырган. Андан кийин Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

«Кумтөр» компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу сот иштерин «өлкөдөгү эң узак убакытка созулган соттук окуя» деп атоого болот. 1998-жылы болгон окуяга байланыштуу сот иши 12-январда да каралды. Жогорку Сотто «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд» компаниясынын кассациялык арызы каралып, тараптардын жүйөлөрү угулду. Анда Өкмөттүн өкүлү Данияр Баратов даяр болбогонуна байланыштуу отурум 19-январга жылдырды.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд» компаниясы башынан эле жабырлануучуларга кенемтени алтын кен компаниясы эмес, Өкмөт төлөп бериши керек деген позицияны карманып келет. Алар 1999-жылы Канаданын Торонто шаарындагы аталган компания менен Кыргыз Өкмөтү түзгөн келишим буга негиз экенин билдирүүдө.

Компания 1998-жылы Барскоондо болгон окуядан улам элди эвакуация кылуу, медициналык жардамдар үчүн Өкмөткө 91 млн сом бөлүп берген. Ал эми келишим андан бир жылдан кийин түзүлүп жатат. Доогерлердин өкүлү, экс-депутат Эркингүл Иманкожоева канадалык компаниянын мурда берген каражатты андан кийин түзүлгөн келишимге ыктап кутулуп кетип жатканын мыйзамсыз деп эсептейт. Арадан 20 жылдан ашуун убакыт өтсө да, жабырлануучуларга моралдык жана материалдык кенемте төлөнбөй келгенин кошумчалайт.

«Канаданын Торонто шаарындагы келишимге «Кыргызалтын» ААКнын ошол кездеги жетекчиси Дастан Сарыгулов менен премьер-министр Борис Силаев кол койгон. Булар элге кенемте төлөөдөн качып, мурда берген акчаларын бир жыл кийинки түзүлгөн келишимдерге байлап кутулуп кетип жатат. 2005-жылдан бери соттошуп келебиз. Соттор чет элдик компаниялардын кызыкчылыгына ыктап, адилет чечим чыгарбай келет. Азыр болсо компания Өкмөттү «силер төлөгүлө» деп коркутуп жатат».

Эркингүл Иманкожоева элдин моралдык кенемтесинин көлөмүн сот гана аныктай турганын кошумчалады.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинасы кырсыкка кабылып, 1740 килограмм цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Анын кесепетинен жабыркагандардын бири — Барскоон айылынын тургуну Фатима Абдыраева. Ал сууга төгүлгөн зыяндуу заттын айынан боюнан алдырганга аргасыз болгон. Андан көп өтпөй зыяндуу заттын таасиринен атасынан, апасынан айрылган.

«Ошол жылы мен сыяктуу 20 келин боюнан алдырган. Зыяны азыркыга чейин тийүүүдө. Тургундардын ден соолугу начар, майыптуулук, анын таасиринен өлүм дагы деле жоюла элек. Ушул күнгө чейин ал үчүн моралдык, материалдык кенемте төлөнүп бериле элек». 

Аталган окуядан Ысык-Көл облусунда эки миңдей адам ууланып, 17 миң адам медициналык жардам алган. 2005-жылы облустун 29 тургуну «зыян толук төлөнгөн жок» деген негизде сотко кайрылган. Андан бери алардын 12си каза болуп, былтыр августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.