Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет, — министр

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 16:50
0 ой-пикир

Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 13-январда билдирди.
 
«Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө катталды, анын ичинде Россия да бар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, вирустун жаӊы түрү бизге да келет», — деди ал.
 
Ошондой эле ал коронавирустун бул түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтөрүн кошумчалады. 
 
«Вирустун мурдагы формасы жаштарда жана балдарда жеңил өткөн болсо, жаӊы түрү агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, балдарда жана жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмүкүн”, — деди министр.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.