Бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар төлөдү

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 18:09
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, жемкорлукка шектелип декабрда кармалган бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 29-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлаган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы айтылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.