Бала бакчалар жеткинчектерге эшигин 1-февралда ачат

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 14:43
0 ой-пикир

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын чечими менен, баш калаадагы бала бакчалардын иши 1-февралдан тартып жандандырылат. Мэриянын басма сөз кызматы мунун себеби бала бакчалардын иштөө алгоритми эмгиче иштелип чыга электигине байланыштуу экенин кабарлады. Маалыматка ылайык, бул маселе Коронавируска каршы республикалык штабдын өкүлдөрүнүн жана вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын катышуусунда каралууга тийиш.

Мэриянын маалыматына караганда, бала бакчаларга алгач мектепке даярдык тайпасындагы балдар барат. Кийинчерээк кичүү тайпалардын балдары бара башташат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.