Айгүл Жапарова: «Кээде жолдошум Садыр көп иштеп жүрүп, маанилүү нерселерди өткөрүп жиберген деп ойлоп коем»

Окуялар тизмеги 13 Янв 2021 19:06
0 ой-пикир

2020-жылы ноябрда Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Россиянын «Около политики» журналына маек курган.

Жапарова жолдошу менен кантип таанышканы жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берген.

— Жолдошуңуз Садыр менен кандай тааныштыңыз эле? 

— Садыр экөөбүз аябай жаш кезибизде таанышканбыз. Дароо айтайын: ал романтик эмес. Студенттик жылдарда, Садыр Бишкекте жүргөндө, мен Караколдо окусам дагы, ал мага жума сайын телефон сүйлөшүүлөрүнө чакыруу менен телеграммалар жөнөтүп турчу. Ал убакта байланыштын ушундай бир эле түрү болгон. Анан той, балдардын төрөлүшү. Бизде төрт баланын ата-энесибиз. Жана ар бир баланын төрөлүшү биз үчүн чоң бакыт болду. Жаңы төрөлгөнү гана эмес, алардын алгачкы кадамдары, алар айткан биринчи сөздөр. Биздин балдар биздин кубанычыбыз, биздин бактыбыз, биздин сыймыгыбыз. Ар бир үй-бүлөдө эле ушундай болсо керек (жылмайып). Кээде жолдошум Садыр көп иштеп жүрүп, бир топ маанилүү нерселерди өткөрүп жиберген окшойт деп ойлоп коем.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.