Айзат жана Айдана Руслановалар — көпчүлүктүн көңүлүн бурган “Колдор” аттуу инсталляциянын авторлору. Алардын жеке жашоосу жакшы экенине карабастан, сүрөтчүлөр теңтуштары аймактарда кандай шартта жашаарын, эмне үчүн баардыгы эле билим ала алышпайт жана эмне үчүн биз өзүбүзгө ишенимсиз болуп жатабыз деп түшүнүүгө аракет кылышкан. Айзат Русланова биздин редакцияга аялдардын укугун коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди.
— Айзат, сиздин жана сиңдиңиздин чыгармачылыгыңар кандайча гендердик теңсиздиктин тегерегинде башталды?
— Биздин биринчи эмгек Кыргызстандагы стереотиптер жана чектөөлөр тууралуу болгон. Анда бырышкан учактар жайгашкан кубду көрсөткөн элек. Алар кандайдыр бир тоскоолдуктардан улам кубдан чыга албай жатышкан. Андан кийинки эмгектерибиз дагы адам укуктарынын тегерегинде болду. 2020-жылдын 8-мартында өткөн гендердик зомбулукка каршы жөө жүрүштөн кийин активист айымдарды мыйзамсыз кармап кетишкен, арасында мен да бар болчумун, ошондо сиңдим Кырк Чорого арнап колдорду тарта баштаган. Кийин жөө жүрүштү, милициянын аракеттерин, Кырк Чорону жана коомчулуктун жөө жүрүшкө болгон реакциясын талкуулап жатып, бизге 40 кол тартуу идеясы келди. Коомдо гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укугу тууралуу агартуучу иштер жүргүзүлгөнү менен биз кодулоого, укук бузууларга, коопсуздуктун жоктугуна кабылып келебиз. Кеп аялдардын/кыздардын укуктары тууралуу болуп жатса, коомчулук муну туура эмес кабыл алып, батыштын баалуулуктарын таңуулап жатышат деп чыгышат. Албетте, бул идеянын жаралуусуна 2020-жылдагы аялдарды сабаган, зордуктаган, күнөөлүүлөр жазасыз калган, ал эми аялдар коргоосуз болгон чуулгандуу окуялар дагы таасир этти.
— “Колдор” инсталляциясынын үстүндө иштөөдө сиздер үчүн эң оору эмне болду?
— Инсталляциянын үстүнөн апрель айынан тарта иштеп баштаганбыз. Башында мен дагы, Айдана дагы (сиңдим) боек жана көмүр менен 40 колду тартуудан коркуп турдук. Бирок биз үчүн эң оор этап аудио жана видео жаздыруу болду. Баарын жаздырып, монтаждап жатканда биз абдан санааркап турдук. Аудиону жаздырып жатканда цензура керекпи же жокпу деп да ойлондук. Коомчулук кандай кабыл алат деп кооптондук. Ал эми улуу муундун өкүлдөрү сөгүнгөн сөздөрдү укса эмне дешет дедик. Ошол эле учурда аялдар жана кыздар зордук-зомбулукка кабылганда, эч ким цензура, маданият жана адеп-ахлак жөнүндө ойлонбойт деген ойлор келди. Кээде бизге чечкиндүүлүк жана кайраттуулук жетишпей жатты.
— Көргөзмөдө эсте калган учурлар болдубу?
— Көргөзмөгө келгендердин биз менен макул болгону жана алардын реакциясы. Көргөзмө дагы өзгөчө жайда өттү (Ололо Хаус), ал жакка аялдардын укуктарын колдогон адамдар келип жатышты. Колдоо сөздөрүн айтышып, идеялары менен бөлүшүштү. Көргөзмөгө чектелүү гана адамдар келгени менен реакция ар кандай болду. Айрым аялдар көздөрүнө жаш алышты. Кээ бири алар уккан жана көргөн нерсе кадимки көрүнүш сыяктуу болуп калганын айтты. Бирок бул мен үчүн абдан коркунучтуу болду жана менде: “Эмнеге сөгүнгөн сөздөр аялдар үчүн кадимки көрүнүш болуп калган? Эмнеге биз зордук-зомбулук жана харрасмент тууралуу унчукпай келебиз?” деген суроо туулду. Эркектердин дагы реакциясы ар кандай болду. Кечке көз албай карап тургандар болду. Көргөзмөдө көпкө чейин жүрүп, чыккандан кийин кечирим сураган жигит эсимде калды. Ал: “Жөн гана бизди кечирип койгула жана өзүңөрдү коргогула” деди. Айрым эркектер инсталляция абдан радикалдуу болуп, биздин менталитетке туура келбей турганын айтышты. Бул реакциялардан соң биз дагы көп нерсе кылышыбыз керектигин, күрөш уланарын түшүндүк. Аймактардан көптөгөн уюмдар жана адамдар кайрылышып, бизге дагы келип кеткиле деп жатышты.
— “Колдор” инсталляциясын презентация кылып жаткандагы сезимдер тууралуу айтып берсеңиздер, балким коркуу болгондур?
— Биздин пландарыбызга ылайык, инсталляцияны Бишкектеги соода борборлоруна коймокпуз. Ал жактагы көрүүчүлөр көп болмок. Соода борборлору менен сүйлөшүүлөргө бир айга жакын аракет кылдык жана көп күч жумшадык, бирок майнап чыккан жок. Алар гендердик теңчилик жана феминизм жөнүндө укканда эле коркуп, бирок аны билдирбегенге аракет кылышып коронавируска шылтап баш тартып жатышты. Түн бир оокумда сиңдим экөөбүз балким бул эмгекти эч жерге койбой эле коебуз деп да сүйлөштүк. Себеби бир учурда биз өзүбүздү алсыз жана жалгыз сезип кеттик. Биз дагы БФДдагы (Бишкек Феминисттик Демилгелер) кыздар дагы сүйлөшө алышкан жок. Гендердик теңчиликке умтулган эл аралык уюмдар дагы жардам бере алышкан жок. Бишкектеги соода борборлор өтө эле коммерциялашып кетиптир, биз мындайды күткөн жок элек.
Инсталляцияга дагы кошумча кылганга бизде күч калган жок. Биз келген аялдардын окуялары жазылган дубал кылалы дегенбиз, аялдардын укуктары жана феминизм тууралуу дайыма маалыматтарды таратуу жолун табалы дегенбиз, көргөзмө ачылганга чейин бир нече акция кылалы деген оюбуз бар болчу.
Көргозмө соода борборунда болсо көп киши көрүп, аялдар кандай теңсиздикке туш болорун биоишет деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок, бирок ага карабастан биз көргөзмө уюштурган жерге деле көптөгөн адамдар келишти, биз бир катар пикирлештерди таптык дегендей.
Социалдык тармактардагы жамандоолордон корктук. Чынында социалдык тармактарда коркутуп, жинденип, жамандап жазгандар болбой койгон жок. Жөө жүрүштү эстеп алып, алда кандай болуп кетет деп, баарына даяр болуп турдук. Бирок баары биз күткөндөн да мыкты болду.
— Аялдарга карата зомбулукка качан каршы чыга баштадыңар?
— Чынын айтсам, качан бул темага көңүл буруп баштаганыбызды так айта албайм. Гендердик теңчиликти дайыма колдочумун, бирок бул маселени көтөрүп деле чыкчу эмесмин. Фем-активисттер бар, бул маселе менен алек болгон уюмдар бар дечүмүн, өзүмдү алардын арасынан көрө алчу эмесмин. Кыргызстандын аймактарында иштегенден кийин ал жактагы кыздар билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин көргөн соң менин көз карашым өзгөрдү. Аларды эрте эле күйөөгө берүүгө даярдап, дайыма үй иштери менен алек кылып, айрымдарына окууга тыюу салып коюшат экен. 8-марттагы жөө жүрүштөн кийин аялдардын укуктарын коргоодогу ар бирибиздин үлүшүбүз өтө чоң мааниге ээ экенин түшүндүм.
— Ата-энеңерге бала чагыңар үчүн ыраазычылык билдиресиңерби?
— Бала кезимде зомбулук эмне экенин билбей чоңойгонум үчүн ата-энеме абдан ыраазымын. Алар сиңдим экөөбүздү сүйүү менен чоңойтушту. Алар биздин билим алуубуз үчүн болгон аракетин кылышты, байкебизге кандай шарттар түзүлсө, бизге дагы ошондой шарт түзүп берип жатышты. Атам жана апам бизди бардык жагынан колдоп турат. Инсталляция идеясында ата-энебиз керектүү жабдууларды сатып алууга жана инсталляцияны чогултууга жардам беришти. Маектерибизди көрүп, ким кандай пикир жазып жатат деп баарын окушуп, жада калса айрымдарына жооп да берип жатышты (жылмайып). Алар биздин коопсуздук үчүн абдан санааркап жатышканын билем. Алар дайыма жаныбызда экенине шүгүр.
— Ата-энеңерден эмнени үйрөнө алдыңар?
— Ата-энем принципиалдуулукка үйрөттү, айлана-чөйрөгө: адамдарга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө аяр мамиле кылууну үйрөтүштү, өзүмө ишенүүнү үйрөтүштү. Мен мектепте президент, депутат жана төрага болчумун. Ошол маалда өлкө президенти болууну самачумун. Ата-энем ошондо эле мага ишенишчү жана мени саясатка аралашып, президент болот деп үмүттөнүшөт (жылмайып).
— Биздин патриархалдык коомдо аялдардын тагдыры темасын дагы чагылдыруу пландарыңарда барбы?
— Ооба. Азыр мага калыбыма келип, кандай аракет кылса болорун ойлонуу үчүн бир аз убакыт керек. Кээде Бишкекте жашагандар бактылуу шарда жашагандай сезилет. Шаардан сырткары жерлерде абал начар. Бурулайды, Сузактагы аялды, 13 жаштагы кызды эстесем жаман болом, бул коомчулукка жеткен окуялар. Ал эми канчалаган кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка учурап, алар коомго жетпей, жабыш эшик артында калып жатат?!
— «Күчтүү кыз 2.0» программасы сизди кандайча өзгөрттү? Сиз азыр кандайсыз жана чыгармачылыгыңызда эмнелерди чагылдыргыңыз келет?
— Мен күчтөндүм, мен эмоцияларды кабыл алганды үйрөндүм. Азыр артты карасам баары жеңил болгондой сезилет. Бирок көргөзмөгө чейин канча деген уйкусуз таңдар атты, күч жана тынчтык табуу үчүн жөн гана басып жүрө берген убактар болду. Мен БФДдагы кыздардан энергия, идея алдым, инсталляция чынында керек болгонун түшүндүм.
— Гендердик зомбулуктун бар экендигин четке каккандарга эмне дейт элеңиз?
— Адамдарга гендердик зордук-зомбулуктун бар экендигин түшүндүрүү үчүн бир гана сөз жетишсиз экендигин түшүндүм. Мындай учурда искусство жардамга келет. Мен аялдарды башынан кечирип жаткан нерсенин кичинекей бир бөлүгүн сезүү үчүн инталляцияга келүүгө чакырат элем.
— Эгерде жаңы дүйнө курууга мүмкүнчүлүк берилсе ал кандай болот эле?
— Джон Леннондун ырындагыдай: чексиз, өлкөсүз, динсиз, кандайдыр бир айырмаларсыз жана мүлксүз болмок. Ошондо адамдар урушпай, тынчтыкта жашашмак. Бир тууганды гана кошмокмун (жылмайып), себеби бир туугандар чыныгы байлык.
— Сиз курдууларга кандай кеңеш айтат элеңиз?
— Мен жогоруда ата-энем абдан жакшы кишилер экенин айтпадымбы. Үй-бүлөдө эч кандай зомбулук көрбөй чоңойдук. Ата-энем күнөсканадагыдай эле коргоп чоңойтушту. Харрасментке жана дискриминацияга туш болдум. Бардык нерсени өз учурунда айтып, батымдуу болуш керек. Мен мурда андай эмес элем. Тилекке каршы, бизге өзүбүздөн башка эч ким жардамга келбейт. Ошондуктан өзүңөрдү аяп жашагыла, унчукпай отура бербегиле дейт элем.