Ысык-Көл ОИИБ: Облуста шайлоо өнөктүгү коомдук тартипти бузуусуз өтүүдө

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 11:18
0 ой-пикир

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо референдуму укук бузуусуз өтүүдө. Учурда, милиция кызматкерлери башка укук коргоо органдарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен бирдикте коомдук коопсуздукту толугу менен камсыз кылууда.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 248 шайлоо участкаларында 500гө жакын милиция кызматкерлери, ошондой эле эркин элдик кошундардын 1000ден ашуун өкүлдөрү коомдук тартипти камсыз кылуууда. Шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдык ченемдердин талаптарын бузууга жол бербөө үчүн облустун бардык укук коргоо түзүмдөрүнүн иш-аракеттери координацияланган.
Добуш берүү аяктагандан кийин, милиция кызматкерлери шайлоо иш кагаздарын аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүүдө коопсуздукту толук камсыз кылышат. Коомдук коопсуздукка тартылган тартип сакчылары добуштарды эсептөө аяктаганга чейин кызмат өтөшөт.
Башкармалыкта белгилегендей, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо күнү шайлоо участокторунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча тартылган бардык милиция кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушкан.
Учурда аймакта ыкчам кырдаал туруктуу жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.