Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.
Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:
- Садыр Жапаров – 79,24%;
- Адахан Мадумаров – 6,71%;
- Бабыржан Төлбаев – 2,35%;
- Мыктыбек Арстанбек – 1.67%;
- Абдил Сегизбаев – 1.46%;
- Имамидин Ташов – 1.19%;