Шайлоону чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 92 журналисти чагылдырууда

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 09:49
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын журналисттерге билдиргени боюнча бүгүн, 10-январдагы мамлекет башчысын кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо референдумуна эл аралык уюмдардан тышкары дагы 44 чет өлкөдөн 333 байкоочу көз салууда. Ошондой эле жергиликтүү 13 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, ыктыярчылары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшүүдө.

Шайлдабекованын сөзүнө караганда, байкоочулардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумдун жүрүшүн чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 92 журналисти чагылдырууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.