Шайлоочуларды массалык түрдө ташып жатканы туурасында арыз түштү

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 17:11
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунда шайлоо участкасына адамдарды массалык түрдө ташып жатканы туурасында арыз түштү. Мындай маалыматты БШК мүчөсү, арыз, даттанууларга ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө даттануулар бар. Бишкектеги үч добуш берүү участкасында урналар иштебей жатат.

“Ысык-Көл облусунда адам ташуу боюнча маалымат түшкөн. Өз убагында тийиштүү адистер чыгып кетти. Бул боюнча териштирип кийинчерээк толук маалымат беребиз”, — деди Шайназаров.

Эске сала турган нерсе, үгүт маалында шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 61 даттануу түшүп, анын ичинен көбү тастыкталбаганын билдирди. Ал эми мыйзам бузуу аныкталгандарына чара көрүлдү, айрымдарына кылмыш иши козголгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.