Садыр Жапаровду шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 22:59
0 ой-пикир

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.

Электрондук үкөктүн автоматтык эсептөөсүнө ылайык саат 20:30дагы маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров (7%дын тегерегинде) менен Бабыржан Төлбаев (2%дан көбүрөөк) келатат . Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду “президенттик башкарууну” колдогондор көп – 80% тегерегинде.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Добуштар кол менен да эсептелинет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.