Мыйзам бузуу: экранды сүрөткө тартып алып, аны дагы телефонуна жазып алган

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 18:10
0 ой-пикир

Бишкектеги №1214 шайлоо участкасында Садыр Жапаровдун байкоочусу добуш берүүгө келген шайлоочулардын номерин жазып алып жатканын «Клооптун» байкоочусу билдирди. «Биздин байкоочулар ага эскертүү бергенден кийин ал шайлоочулардын маалыматтарын телефонуна жазып баштаган. Ал ошондой эле, идентификация чыккан экранды сүрөткө тартып алып, аны дагы телефонуна жазып алууда», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам боюнча тигил же бул тарап шайлоочулардын номерлерин жана аларды тизмеден тактоого укугу жок. Добуш берүү үчүн келген кишинин жеке маалыматтарын шайлоо участкасынын өкүлдөрү гана текшерип, анан бюллетенди берет.

Сүрөт Клооп басылмасынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.