Байкоочулар: шайлоого 750 миңден ашык адам катышпай калышы ыктымал

Окуялар тизмеги 10 Янв 2021 09:32
0 ой-пикир

Кыргызстанда бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Боршайком добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйгөнүн кабарласа, айрым байкоочулар ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай калат деп баамдашууда.

Президенттик жарышка 17 талапкер катышууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.