Шайлоодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча иштер жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 09 Янв 2021 16:47
0 ой-пикир

Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан аймактагы 228 шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.Мындан тышкары шайлоо участкаларында иш алып барган комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлгөн.Иш-чаранын жүрүшүндө шайлоо участкаларында алгачкы өрткө каршы шаймандары, кошумча чыгуу эшиктери, байланыш телефондору жана кирип чыгуу багыты көрсөтүлгөн схемалары боюнча түшүндүрүлгөн.“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 9-10-январь күндөрү ар бир бекитилген шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө турушат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.