Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты

Окуялар тизмеги 09 Янв 2021 15:46
0 ой-пикир

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты. Бабанов «2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат. Ошондой эле финполиция саясатчыны «Кыргызстан» банкы боюнча суракка алган.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып атайын кызмат мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда козголгон иштер боюнча суракка алганын билдирди. Тергөөнүн купуялуулугун жүйө кылып кайсы иштер экенин ачык айткан жок.

УКМК 8-январда маалымат берип атайын кызмат жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында Бабанов фигурант катары өтүп жатканын кабарлаган.

Эске салсак, буга чейин ага 8 иш тергелип жаткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.