Евробиримдик «Pfizer-BioNTech» компаниясынан 300 млн. кошумча вакцина алат

Окуялар тизмеги 09 Янв 2021 08:22
0 ой-пикир

Евробиримдик «Pfizer-BioNTech» компаниясынан 300 млн. кошумча вакцина ала турганын 8-январда өткөргөн басма сөз жыйынында Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

Ал кошумча жаңы келишимге кол коюлганын жана 75 миллион дозасы жылдын экинчи чейрегинде, ал эми калганы жыл аягында даяр болорун кошумчалады.

Жалпысынан шаркет «Модерна», «АстраЗенека», «Pfizer-BioNTech», «CureVac» жана башка компаниялар менен эки миллиард доза вакцина алууга келишим түзгөн.

Ушул убакка чейин «Pfizer-BioNTech» жана «Модерна» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берилди. Ал эми «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасына ушул ай соңунда уруксат берилиши мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.