Түркиядагы мекендештерибизге шайлоого катышууга уруксат берилди

Окуялар тизмеги 08 Янв 2021 17:55
0 ой-пикир

Түркиядагы кыргызстандыктарга коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алынганы кабарланды. Эске салсак, Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. 2394 шайлоо участогунун 48и чет мамлекеттерде, алардын экөө Түркияда. Түркиядагы эки шайлоо участогунда 1532 шайлоочу катталган.
Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. 

Бул тууралуу Анкарадагы элчилик маалымат таратты. Анда элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе ала тургандыгы жазылган.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.