Артём Новиков: «ЖЭБди газга өткөрүү пландалып жатат»

Окуялар тизмеги 08 Янв 2021 20:22
0 ой-пикир

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артём Новиков борбор шаарда абанын булганып жаткан себептердин бири — Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жагылган көмүр экенин айтып, аны газга өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, эксперттер менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

8-январда Бишкекте Новиков экологдор менен жолугуп, Бишкекти ыштан арылтуунун жолдорун талкуулады.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы акыркы жылдары кооптуу чектен ашканын көрсөтүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.