АКШда бир күндө коронавирустан төрт миңдей адам каза болду

Окуялар тизмеги 08 Янв 2021 15:11
0 ой-пикир

Америкада бир күндө коронавирустан төрт миңдей адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус бир күндө 250 миң адамдан табылды. Адистер жаңы жылдык майрамдардан кийин ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышкан. Баарынан катуу жабыркаган штаттардын сап башында Калифорния турат. 7-январда бул штатта коронавирус 500дөн көп кишинин өмүрүн алды.

АКШдан кийинки орунда мурдагыдай эле Мексика менен Бразилия жайгашкан.
Мексикада соңку бир күндө COVID-19 13 миңден ашуун адамдан аныкталды. Бул өлкөдө бир күндө инфекциядан миңден көп киши көз жумду.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус дүйнөдө 1,9 миллион адамдын өмүрүн алды.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.