Тилек Матраимовго сот айып пул салды

Окуялар тизмеги 05 Янв 2021 20:19
0 ой-пикир

Тилек Матраимовго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук сот билдирди.

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 220 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Үй камагына чыгарылган айыпталуучуга карата баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Эскерте кетсек, Тилек Матраимов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.