Коронавирусту аныктоо боюнча 4 лабораторияга уруксат берилди

Окуялар тизмеги 03 Янв 2021 18:01
0 ой-пикир

Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгуу үчүн COVID-19 илдетине текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп жатат. Лабораторияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЦР ыкма менен алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымады. Алар — Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө №535 үйдө жайгашкан вирусологиялык референс-лаборатория, экинчиси — Ош шаарындагы Байтемиров, 53 дарегиндеги лаборатория.

Маалыматка ылайык, анализ тапшыруунун баасы 1574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бирок бул лабораторияларда ооруканаларда дарыланып жатып коронавируска шектелип текшерилген бейтаптарга артыкчылык берилет. Алар акысыз жана чет өлкөгө кетүү үчүн анализ бергендерден биринчи текшерилет.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.