Боршайком шайлоо бюллетендерин региондорго жеткирди

Окуялар тизмеги 03 Янв 2021 18:17
0 ой-пикир

Кечээ, 2-январда “Учкун” ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго  кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралу БШКнын  басма сөз кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө  – 3567138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалды.Бишкек шаарына 417341, Ош шаарына – 151168,  Жалал-Абад областына – 667265,  Ош – 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди.

Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө – 3567138 бюллетен даярдалды. Андан тышкары, 4948 бюллетен  Брайл шрифти менен даярдалды.

Бишкек шаарына – 417341, Ош – 151168, Жалал-Абад областына– 667265, Ош – 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кырыгз Республикасынын референдумун өткөрүүгө 7 134 276 бюллетен даярдалды.

Бюллетендердин саны 2021-жылдын 2-январында  “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген.  

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин саны шайлоо участокторундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоосу  керек (иш жүзүндө 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашык эмес).    

Сүрөт интернеттен алынды 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.